|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ АЛАЙ РАЙОНУ КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ |
|
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ АЛАЙСКИЙ РАЙОН АЙЫЛ ОКМОТ КУРМАНЖАН ДАТКИНСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА |
|
______________№____ |
Б У Й Р У К П Р И К АЗ |
Боз-Караган айылы |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндөгү” ПЖ № 137 Жарлыгын аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым куктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 12-августундагы №52-189 буйругун ушундай эле Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 11-февралындагы №01-16/46 сандуу буйругун аткаруу максатында буйрук кыламын:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 12-августундагы №52-189 буйругу аткарууга жана Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 11-февралындагы №01-16/46 сандуу буйругун аткаруу жетекчиликке алынсын.
2. 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 1не чейин Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына иш-чаралар планын аткарылышы жөнүндө маалымат берип туруу жагы Т. Жээнбековго милдеттендирилсин. .
3. Айыл өкмөтүндө Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегинин форматы тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркеме 1)
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Башчы Ж. Орозбай уулу
Бекитемин:
Курманжан датка айыл өкмөтүнүн башчысы _________ Ж.Орозбай уулу
2025-жылдын_________ №_____буйругунун
тиркемеси
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн)
|
№ |
Милдеттер |
Иш-чаралар |
Ишке ашыруу мөөнөттөрү |
Күтүлүүчү натыйжалар
|
Жооптуу аткаруучулар
|
Каржылоо булактары
|
|
1. Социалдык чөйрөнүн жана экономиканын тармактарында жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу |
||||||
|
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын кызматкерлеринин коррупциялык мотивациясын төмөндөтүү |
Жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана кадрдык потенциалды сактоо үчүн шарттарды жакшыртуу, мамлекеттик органдарда жана ЖӨБО иштин кадыр-баркын жана жагымдуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциялык тобокелдиктердин болушун төмөндөтүү боюнча иш алып баруу
|
2025-2027-жылдар
|
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кадрларды тандоо жана системаны жакшыртуу боюнча чаралар көрүлдү
|
Айыл өкмөтү
|
Мамлекеттик органдарга жана ЖӨБО бөлүнгөн каражаттардын чегинде мамлекеттик бюджет
|
|
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында коррупцияга каршы идеологияны, моралдык-этикалык, адеп-ахлактык жана баалуулук багыттарды калыптандыруу |
Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО кызматчыларынын этика ченемдерин сактоосун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинин талаптарын кызматчылардын так аткаруусу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү. Кызмат өтөөдө кемчиликтерди жоюу жана этика принциптерин жана ченемдерин сактоо боюнча сунуштамаларды жана чараларды иштеп чыгуу менен мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБО түзүлгөн кызматчылардын этика боюнча комиссиясынын ишинин натыйжалуулугуна жыл сайын мониторинг жана талдоо жүргүзүү |
2025-2027-жылдар |
Жыл сайын кызматчылардын этикасы боюнча комиссиянын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзүлөт, анын иши жөнүндө отчеттуулуктун формасы иштелип чыккан жана бекитилген.
|
Айыл өкмөтү
|
Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Гранттык программалар. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
|
|
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик компетенциясын жогорулатуу, коррупцияга каршы жүрүм-турумдун туруктуу принциптерин калыптандыруу
|
Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкарууга, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда коррупциялык тобокелдиктерди аныктоого, коррупцияга каршы пландарды түзүүгө, этикалык ченемдерди сактоого, жүрүм-турумдун коррупцияга каршы моделин түзүүгө жана коррупциялык мотивацияны төмөндөтүүгө багытталган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды коррупцияга каршы окутуу (квалификациясын жогорулатуу) системасын өнүктүрүү
|
2025-2027-жылдар |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Коррупцияны алдын алуу жана жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоо жаатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун типтүү программасы бекитилген. Кызматчылардын 30%дан кем эмесин камтуу менен окутуу тренингдери туруктуу негизде өткөрүлөт
|
Айыл өкмөтү
|
Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрд үн каражаттары
|
|
|
Социалдык чөйрөнүн жана экономиканын тармактарында жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу
|
Бийлик органдарынын жарандар жана жеке сектор менен өз ара аракеттенүү процесстерин автоматташтырууга багытталган ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү, жол-жоболордун жана чечимдерди кабыл алуу процесстеринин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу, коомдун маалымдуулугун жогорулатуу
|
2025-2027-жылдар |
Жол-жоболордун айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылууга, санариптештирүү фонунда талап кылынган документтердин тизмесин кыскартууга багытталган ченемдик укуктук актылар кабыл алынды
|
Айыл өкмөтү
|
Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет
|
|
2. Мамлекеттик каражаттарды башкаруу, финансылык контролдоо системаларын жана сатып алуу жол-жоболорун өркүндөтүү |
||||||
|
|
Жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу
|
Коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү менен коррупциялык укук бузууларга байланыштуу мамлекеттик органдарга жана ЖӨБО келип түшкөн кайрылууларды (даттанууларды) кароо жана талдоо жүргүзүү
|
2025-2027-жылдар |
Ички укуктук актылар аркылуу Коррупцияны алдын алуу чараларын көрүү менен кайрылууларга талдоо жүргүзүүнүн тартиби жөнгө салынды, ал жыл сайын жүргүзүлөт
|
Айыл өкмөтү
|
Талап кылынбайт
|
|
3. Санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү жана азыркы этапта коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу чараларынын бири катары мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн ишине маалыматтык технологияларды киргизүү |
||||||
|
|
Ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоонун укуктук инструменттерин ишке киргизүү
|
Маалыматты иштеп чыгуунун, берүүнүн жана жайылтуунун, электрондук форматта кызматтарды көрсөтүүнүн санариптик технологияларынын негизинде мамлекеттик башкаруу системасынын иштөөсү
|
2025-2026-жылдар 2025-жылдын I жарым жылдыгы 2025-жылдын II кварталы
|
Мамлекеттик башкаруу системасында санариптик технологияларды ишке киргизүү процесстерин аяктоо боюнча чаралар көрүлдү Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында ТКА маалыматтар базасынын болушу жана толук иштөөсү. Идентификацияланган адамдардын барууларын эсептегич менен актуалдуу жана жаңыртылуучу ТКА маалыматтар базасынын болушу Аналитикалык жазуу түзүлдү |
Айыл өкмөтү
|
Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
|
|
"Түндүк" ВЭӨС менен интеграциялоо жана "Түндүк" ВЭӨС катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин каталогуна сервисти жайгаштыруу менен улуттук ТКА маалыматтар базасынын бирдиктүү форматын түзүү
|
||||||
|
Учурдагы бюджеттик процесстерге талдоо жүргүзүү жана баалоо, бюджеттик процесстер үчүн санариптик инструменттерди жана платформаларды изилдөө жана бюджеттик процесстерди автоматташтыруу үчүн сунуштарды киргизүү
|
||||||
|
|
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, административдик жол-жоболорду санариптештирүү
|
Интернет-ресурстар аркылуу мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды (маалымкаттар ж.б.) алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жарандардын маалымдуулугун кеңейтүү боюнча уюштуруучулук жана практикалык чараларды көрүү
|
2025-2027-жылдар |
Жарандарды интернет-ресурстар аркылуу мамлекеттик кызматтарды алуу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат менен камсыздоо боюнча чаралар көрүлдү
|
Айыл өкмөтү
|
Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
|
|
|
"Кылмыштардын бирдиктүү реестри" (КБР) АМСти модернизациялоо
|
Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО расмий сайттарында алардын иши жөнүндө, Коррупцияны алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматтарды мезгил-мезгили менен жарыялоо, жарандардын маалыматка эркин жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү программалык-маалыматтык камсыздоонун санариптик технологияларын киргизүү, ошондой эле мобилдик тиркемелерди өнүктүрүү. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО басма сөз кызматтары аркылуу иш жөнүндө актуалдуу материалдарды чагылдыруу
|
2025-2027-жылдар |
Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО расмий сайттарында алардын иши жөнүндө, "Коррупцияга каршы аракеттенүү" атайын бөлүгүн маалыматтык толтурууну актуалдаштыруу аркылуу Коррупцияны алдын алуу жаатындагы иштер жөнүндө маалыматтарды жарыялоо боюнча чаралар көрүлдү. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО иши жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө заманбап программалык-маалыматтык камсыздоо жана мобилдик тиркемелер ишке киргизилип, маалыматка жетүү мүмкүндүгү камсыз кылынды
|
Айыл өкмөтү
|
Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
|
|
4. Коррупцияны изилдөө |
||||||
|
|
Коррупцияга каршы маданиятты өнүктүрүү, коомдо коррупцияга сабырсыздык мамилени чагылдырган баалуулуктар системасын сактоо жана бекемдөө
|
Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ишинде коррупциялык көрүнүштөрдү жана тобокелдиктерди аныктоо максатында изилдөөлөрдү туруктуу негизде жүргүзүү, аларды эсепке алуу, регламенттөөчү документтерди изилдөө, сурамжылоо, мониторинг жана талдоо жүргүзүү, коррупциянын деңгээлин чагылдыруу жана отчетту жарыялоо
|
2025-2027-жылдар |
Жарандардын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатууга, коррупцияга каршы жүрүм-турумду калыптандырууга, укуктук нигилизмди жеңүүгө, коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө сабырсыздык атмосферасын түзүүгө багытталган Коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат
|
Айыл өкмөтү
|
Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
|
|
5. Стратегияны ишке ашыруу механизмдери, финансы ресурстары |
||||||
|
|
Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында эл аралык кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана өнүктүрүү
|
1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин өлкөлөрүнүн Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин алкагындагы коррупцияга каршы ишти улантуу |
Туруктуу 2025-2027-жылдар
|
Кыргыз Республикасы абройлуу эл аралык уюмдарда активдүү катышууда, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы өнөктөштүк мамилелерди кеңейтип жана тереңдетип, өлкөнүн коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуулук индикаторлоруна ылайык келүүсүнө карата сунуштамалардын аткарылышын, ошондой эле бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылышын камсыз кылат Кыргыз Республикасы коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында эл аралык рейтингдерде өзүнүн позициясын жакшыртат Кыргыз Республикасы коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында эл аралык рейтингдерде өзүнүн позициясын жакшыртат
|
|
Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
|
|
2. Кыргыз Республикасынын Европа Кеңешинин Коррупцияга каршы күрөшкөн өлкөлөрдүн тобуна (ГРЕКО) кирүү мүмкүндүгү жөнүндө маселени изилдөө жана Европа Кеңешинин Коррупция үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө конвенциясын ратификациялоо боюнча иштерди улантуу |
||||||
|
3. Эл аралык коррупцияга каршы ченемдерди, стандарттарды жана сунуштамаларды аткаруу боюнча чараларды көрүү |
||||||
|
4. Эл аралык коррупцияга каршы ченемдерди, стандарттарды жана сунуштамаларды аткаруу боюнча чараларды көрүү |
||||||
|
5. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык ыкмаларды жана багыттарды камтыган, ушул Иш-чаралар планынын биринчи этабын ишке ашыруу механизмдерин камсыз кылуу |
||||||
|
|
Стратегияны ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу
|
Стратегияны ишке ашыруу боюнча коррупцияга каршы иш-чараларды каржылоо
|
2025-2027-жылдар |
Стратегиядан келип чыккан коррупцияга каршы иш-чаралар мамлекеттин бюджетинен жана башка мүмкүн болгон булактардан каржылоо менен камсыз болгон, бул аларды натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет
|
Айыл өкмөтү
|
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
|
|
6. Стратегияны ишке ашыруу процесстерине мониторинг жана баалоо жүргүзүү |
||||||
|
|
Мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу процесстерин координациялоо жана контролдоо
|
Коррупцияга каршы пландуу иш-чаралардын I этабын ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгаруу жана 2028-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын II этабынын долбоорун иштеп чыгуу
|
2025-2027-жылдар |
Талдоонун негизинде 2028-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы даярдалды
|
Айыл өкмөтү
|
Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет
|
|
|
Пландуу иш-чараларды актуалдаштыруу, жаңы милдеттерди коюу жана коррупциянын азыркы чакырыктарына жана коркунучтарына ылайык келген коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу
|
Сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту
|
2025-2027-жылдар |
Мониторинг жүргүзүүнүн тартиби (методикасы) жана коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчеттун бирдиктүү формасы иштелип чыкты жана бекитилди. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо боюнча статистикалык маалыматтарга киргизүү үчүн негизги көрсөткүчтөр аныкталды. Мониторинг жүргүзүү процесстерин автоматташтыруу инструменттери иштелип чыкты
|
Айыл өкмөтү
|
Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
|
Башчы Ж. Орозбай уулу