Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылдын кварталдарына карата түзүлгөн перспективалык иш планын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Конур-Дөбө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын 29-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№29/1


25-январь 2024-жыл

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылдын кварталдарына карата түзүлгөн перспективалык иш планын бекитүү жөнүндө

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылдын кварталдарына карата түзүлгөн перспективалык иш планын карап чыгып,талкуулап Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылдын кварталдарына карата түзүлгөн перспективалык иш планы бекитилсин (иш план тиркелет).
  1. 2024-жылга түзүлгөн перспективалык иш пландын кварталдарындагы коюлган иш-чаралардын аткарылышына жетишүү кеңештин төрагасына жана тиешелүү туруктуу комиссиялардын курамдарына тапшырылсын.

 

Төрага:
Т. Бегматов

 

 

 

 

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2024-жылдын I-II-III-IV-кварталдарына түзүлгөн

 ИШ ПЛАНЫ :

 

 I-кварталда каралуучу маселелер :                                           

 

  1. 2024-жылдын жазгы талаачылык жумуштарын  мөөнөтүндө өткөрүүдө жазгы

айдоо,себүү иштери, минералдык жер семирткичтер жана сапаттуу уруктар менен камсыз кылууда айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистин жана айыл башчылардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.

 

                                                               Айылдык кеңештин

                                                               туруктуу комиссиясы

 

  1. Кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилип, мөөнөтү бүткөн жерлерди 2024-жылга карата аукционго коюу жана 1га жерге болгон ижара акысын карап бекитип берүү жөнүндө.

                                                               Айылдык кеңештин

                                                               туруктуу комиссиясы

 

  1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептериндеги билим берүүнүн сапатын

жогорулатуу,2023-жылдагы ОРТ жана предметтик олимпиядалардын жыйынтыктарынын  жана 1-4-класстардагы балдарга ысык тамак берүүнүн абалы №18, №35 м.ч.б.б. мекемесинде тарбияланып жаткан балдарга тарбия берүүдө тарбиячылардын уюштуруучулук иштеринин абалы жөнүндө.

                                                              Айылдык кеңештин

                                                              туруктуу комиссиясы

 

 

II-кварталда каралуучу маселелер :                                      

 

1. Айыл өкмөтүнүн алты ай ичинде жүргүзгөн иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуу жөнүндө.

                                              Айылдык кеңештин

                                              туруктуу комиссиясы 

 

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялардын жөлөк

пулдардын жеңилдиктердин жана пенсиялардын өз убагында төлөнүшүндө соц.инспектордун, соц кызматкердин байланыш кызматкерлердин аткарып жаткан иштери жөнүндө.

                                             Айылдык кеңештин

                                            туруктуу комиссиясы

 

3. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн айылдарындагы жайгашкан ФАП тардын кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү иштеринин абалы жөнүндө.

                                                 

                                            Айылдык кеңештин

                                            туруктуу комиссиясы

 

 

 

 

 

 

III-кваталда каралуучу маселелер :                                         

 

            1. Жайыт комитетинин бекитилген планынын аткарылышы жана аткарылган иштеринин абалы жөнүндө. аткарылган иштеринин абалы жөнүндө.

 

                                                      Айылдык  кеңештин

                                                      туруктуу комиссиясы

 

           2. Жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышын жана киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын бардык түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы  жөнүндө.

                                                      Айылдык  кеңештин

                                                      туруктуу комиссиясы

 

           3. Айыл өкмөтүндөгү маданият тармагында эмгектенген кызматкерлердин жана китепканачылардын аткарып жаткан иштери жөнүндө.

                                                      Айылдык  кеңештин

                                                      туруктуу комиссиясы

 

  

 IV-кварталда каралуучу маселелер :       

                                            

            1.Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана

2025-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө.

 

                                                          Айылдык кеңештин

                                                          туруктуу комиссиясы

 

 

            2.Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылга социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2025-жылга социалдык-экономикалык планын бекитүү жөнүндө.

 

                                                          Айылдык кеңештин

                                                          туруктуу комиссиясы

 

 

 

 

                                                    

            

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин жооптуу катчысы :                                           Т.Жээнбеков

 

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин түзүлгөн туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Конур-Дөбө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын 29-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№29/2


25-январь 2024-жыл

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин түзүлгөн туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү “Мыйзамынын 3-главасынын 36-беренесинин 1-3-пункттарынын негизинде Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

токтом кылат:

1. Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин түзүлгөн туруктуу комиссияларынын курамы бекитилсин.

2.Саламаттыкты сактоо,социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

1) Усенбекова Кыялбү                                4) Акимкулова Соно

2) Сарбашов Мыктар                                  5) Пасаңова Тургунай

3) Исаев Аскер                                            6) Омаркулова Гүлсүн

 

3.Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

1) Разакулова Гүлмира                               4) Турганов Баатырбек

2) Пайзиева Гүлүйпа                                

 5) Бекмуратов Жакшылык

3) Пасаңов Улан

 

4.Агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

1) Эргешов Камчыбек                                4) Дүйшөбаев Чыңгыз

2) Сарыков Батырбек                                 5) Тажиков Жакшыбек

3) Келдиев Серик

 

5.Токтомдун аткарылышын көмөлгө алуу өзүмүн көзөмөлүмө калтырамын.

Төрага:
Т. Бегматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Конур-Дөбө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын 29-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№29/3


25-январь 2024-жыл

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө

Коңур-Дөбө айылдык кеңеши жайыт комитетинин төрагасы Р. Боронбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

токтом кылат:

1.Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн  жайыт  комитетинин    бир  жылдык  бюджетине  каралган  145,0 миң  сомдун  1/3 бөлүгү    48333  сомду   айыл  өкмөтүнүн  киреше  бөлүгүнө, жер  салыгын  эске  алуу  менен  калтырылсын. (тиркеме  тиркенлет)

2. Жыл ичинде  алыскы  жайыттардан  түшкөн   салыкты  сметада  каралган  суммадан  ашыкча   түшсө  кошумча  смета  түзүп, чыгаша  бөлүгүнө  уруксат   берүү  жагы  Кыргыз  Республикасынын  Финансы  Министрлигинин  Алай  финансы  башкармалыгынан  суралсын.

3.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алцуу  жагы  айылдык  Кеңештин  бюджет  жана  экономикалык  маселелер  боюнча   туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

Төрага:
Т. Бегматов

«Бекитемин»

Коңур-Дөбө  айылдык  Кеңештин  төрагасы______________Т.Бегматов

Коңур-Дөбө  айылдык  Кеңешинин

 6-чакырылышынын  2024-жылдагы

 29-отурумунун  №29/3  токтому  менен  бекитилди

 

Коңур-Дөбө  айыл   өкмөтүнүн  жайыт  пайдалануучуларынын  жайыт  комитетинин  2024-жылга  карата

 

                                               БЮДЖЕТИ :

 

Эскертүү:  Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтү   боюнча  жайыт  пайдалануу  1 баш  жылкы  жана  уй, топоз  үчүн  50 сом 6 айга  чейинки  торпок, кулун  үчүн  30 сом, кой, эчки  үчүн  10 сом  же  болбосо  бир  шартуу  мал  башына  50  сом

Башка  айыл  өкмөттөрдөн  келген  малдарга  150 сом, кой  эчкиге  30 сом

 

Айылдар  боюнча  малдын  саны  жана  жайыт  суммасы: 

 

Айылдардын  аталышы

Кара  мал  башы

Жылкы  башы

Кой, эчки

Жалпы  сумма

1

Жар-Кыштак

153

162

120

16950

2

Боз-Караган

390

224

448

35280

3

Кара-Шоро

355

222

620

35250

4

Арпа-Тектир

427

460

788

52230

5

Кызыл-Ой

69

19

89

5390

6

 

1394

1087

2065

145000

 

Шарттуу  малдын  башы

 

Малдын  түрү

Малдын  түрү  ШБМ

Жайыт пайдалануу  үчүн  1 малдын  башына  төлөнүүчү  сумма

Жайыт  үчүн чогултулуучу  сумма

Ийри  мүйүздүү  мал

1396

50

69800

Майда  жандык

423

50

20750

Жылкы

1089

50

54450

Жалпы

2894

 

145000

 

Чыгашалар  сметасы

 

Чыгышалар  бөлүгү

Суммасы, сом

Жалпы  сумма

1

Айыл  өкмөтүнө  калуучу  1/3  бөлүгү  жер  салыгын  эске  алуу  менен

48233

48233

Жайыт инфраструктурасын  жакшыртуу (жолдор,көпүрөлөр ж.б)

40000

40000

Жайыт  асоссациясына  мүчөлүк  акы

5000

5000

Жайытка  мониторинг  жүргүзүү

 

 

Жайыт  башкаруу  планын  иштеп  чыгуу

 

 

Жайыт  башкаруу  планын  ишке  ашырууга  мониторинг  жүргүзүү

 

 

2

Административдик  чыгымадар

 

 

Жайыт  төрагасынын  эмгек  акысы

3000

36000

Жайыт  комитетинин  бухгалтеринин  эмгек  акысы

 

 

Социалдык  чегерүүлөр 17,25%

517,5

62210

Сапарга  чыгуу  жана  транспорттук  күйүүчү  майга  арналган  чыгымдар

4000

4000

3

Конц  товар

5300

5300

4

Жайыт  пайдалануу  үчүн  жер  салыгы

 

257

5

Резервный  фонд  ЖК

 

 

6

Жалпы  жайыт  акысы  шарттуу  мал  башы 

 

145 000

 

Бардыгы

 

145 000

 

 

Коңур-Дөбө  айыл   өкмөтүнүн  жайыттын  башка  максатта  пайдалануу  үчүн 

 

Мисалы:     1. Чөп  орууга                    1 га  1000сом

                        2. Көрктөндүрүү  үчүн       1 га 3000

                        3. Дары  чөп   терүү  үчүн  1 га  1500 сом

 

 

 

 

 

Коңур-Дөбө  айыл  өкмөтүнүн  жайыт  комитетинин  төрагасы:                                            Р. Боронбаев

 

 

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Конур-Дөбө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын 29-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№29/4


25-январь 2024-жыл

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 5-главасынын 50-беренесинин 3-пунктуна ылайык Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

токтом кылат:

1.Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2.Айыл өкмөт башчысынын жыл ичинде аткарган иштеринде айрым аткарылуучу иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага:
Т. Бегматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы, 2024-жылга өнүгүү планын жана 2025-2026-жылдарга болжолдуу программасын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Конур-Дөбө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын 29-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№29/5


25-январь 2024-жыл

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы, 2024-жылга өнүгүү планын жана 2025-2026-жылдарга болжолдуу программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө ылайык Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышын угуп, 2024-жылга өнүгүү планын жана 2025-2026-жылдарга болжолдуу программасын бекитүүнү карап,талкуулап Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

токтом кылат:

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

2. 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы жана 2025-2026-жылдарга болжолдуу программасы бекитилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн стат.экономист кызматкери Т.Романовго тапшырылсын.

 

Төрага:
Т. Бегматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине (АӨБ) мөөнөтсүз убакка өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Конур-Дөбө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын 29-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№29/6


25-январь 2024-жыл

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине (АӨБ) мөөнөтсүз убакка өткөрүп берүү жөнүндө

Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы (АӨБ) тарабынан 2024-жылдын 22-январында Коңур-Дөбө айыл окмотүнө жана айылдык Кеңешине атайын кайрылуусун карап, Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 50 % (пайызы) же 54,0 (элүү төрт ) га жерлери Алай райондук жумушчу комиссиясы тарабынан 2022-жылдын 4-ноябрында түзүлгөн Актынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигине (АӨБ) өткөрүлүп берилгендигин белгилеп жана ошол өткөрүлүп берилген 54.0 (элүү төрт) га болгон айыл-чарба жерлерин айылдык Кеңештин сессиясынын күн тартибине коюп, тиешелүү токтом менен бектип берүү жагы суралганын,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №494 токтомун аткаруу максатында, Алай райондук жумушчу комиссиясы тарабынан 2022-жылдын 4-ноябрында түзүлгөн Актынын негизинде, Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 50 % (пайызы) же 54,0 (элүү төрт ) га жерлери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигине (АӨБ) өткөрүлүп берилгендигине таянып,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтомун жетекчиликке алып, Алай райондук жумушчу комиссиясы тарабынан 2022-жылдын 4-ноябрында түзүлгөн Актыны негиз кылып, Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын (АӨБ) 2024-жылдын 22-январындагы Конур-Добо айыл өкмөтүнө жана аталган айыл өкмөттүн айылдык Кеңешине жолдогон кайрылуусун жана сессияда айтылган айылдык Кеёештин депутаттарынын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

токтом кылат:

  1. Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы (АӨБ) тарабынан 2024-жылдын 22-январында Конур-Добо айыл өкмөтүнө жана аталган айыл өкмөттүн айылдык Кеңешине  жолдогон кайрылуусу эске алынсын.
  2. Алай райондук жумушчу комиссиясы тарабынан  2022-жылдын 4-ноябрында түзүлгөн Актынын негизинде Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик   фондунун  50 % (пайызы) же 54,0 (элүү төрт ) га жерлери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин карамагына (т.а Алай райондук АӨБ) мөөнөтсүз убакка өткөрүлүп берилсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигине (же Алай райондук АӨБ) мөөнөтсүз өткөрүлүп берилген Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик  фондунун 50 % (пайызы) же 54,0 (элүү төрт ) га жерлерин каттоо жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай райондук филиалынан суралсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адиси  К.Пасаңовго жүктөлсүн.

 

Төрага:
Т. Бегматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 28-декабрындагы кезексиз сессиясында кабыл алынган №28/1 токтомуна айрым толуктоо, түзөтүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Конур-Дөбө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын 29-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№29/7


25-январь 2029-жыл

Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 28-декабрындагы кезексиз сессиясында кабыл алынган №28/1 токтомуна айрым толуктоо, түзөтүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Токтомдун башы Жээнбеков Жыргалбек Субановичтин арызын кароо жөнүндө деп, токтомго негиз болгон текстин жазылышы төмөндөгүдөй редакцияда толукталып, түзөтүлүп, өзгөртүлүп жазылсын. Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы (АӨБ) тарабынан Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Шоро айылындагы №796 контурунда жайгашкан 2.50 (эки гектар элүү сотых) га бак 2023-жылдын 13-февралында өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында, жерлерди конкурстук негизде ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча Алай райондук комиссиясынын 2023-жылдын 28-февралындагы чечиминин негизинде Ж.С. Жээнбеков “конкурстун жеңүүчүсү” деп табылып, жогорудагы даректе белгиленген жер тилке ижарачыга 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижара шартында пайдаланууга берилген. Аталган алма бак 1972-жылы эгилип, мөмө берүүчү бак-дарактардын баары көп жылдык илдеттен жабыркап, куурап, өсүү процессин токтоткондугу, бак-дарактардын учурдагы абалы жана жер тилкесинин жалпы аянты жөнүндө 2023-жылдын 23-декабрында түзүлгөн №2 Актыны, Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин депутаттарынын, айыл тургундарынын, тиешелүү малекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда 2023-жылдын 23-декабрында өткөрүлгөн жыйындын №1 протоколун, 2023-жылдын 28-декабрындагы кезексиз сессияда айтылган айылдык Кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин, сунуштарын, алымча-кошумчаларын жана Ош мамлекеттик университетинен (ОшМУ) түзүлгөн эскперттик комиссиясынын 2023-жылдын 25-декабрындагы №487 сандуу илимий пикирлерин эске алып, Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

токтом кылат:

  1. 2023-жылдын 28-декабрындагы 28/1 токтомунун №2 пунктунун текстинин толук жазылышы төмөндөгүдөй редакцияда толукталып жазылсын.  Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин айыл чарба министрлигине (АӨБ) өткөрүп берүү боюнча 2022-жылдын 4-ноябрында түзүлгөн комиссиянын Актысына ылайык, Кара-Шоро айылындагы №796 контурунда көрсөтүлгөн бактын жалпы аянты факты түрүндө 2.50 Ганы түзүп, (анын ичинен Кара-Шоро айылындагы Савай арыктын эки жээгиндеги коргоо зонасына тиешелүү болгон 0.20 сотых жери калтырылат) андан 2.30 га жери  ижарачыга 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижара шартында пайдаланууга берилсин.
  2. Муктаждыкты эске алып, ижарачыга ижарага алган жер тилкесинде заманбап үлгүдөгү Резервуар, офис, сактоо кампасы, кароолкана, ажаткана курууга уруксат берилсин.
  3. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Шоро айылындагы №796 контурунда жайгашкан 2.50 (эки гектар элүү сотых) га бакка тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана Архитектура боюнча башкармалыгынан жана “Кадастр” мамлекетиик мекемесинин Алай райондук филиалынан суралсын.

 

Төрага:
Т. Бегматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга аткарылышы, 2023-жылга малымат, 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2025-2026-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№29/8


25-январь 2024-жыл

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга аткарылышы, 2023-жылга малымат, 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2025-2026-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүмчөсүнө ылайык бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, талкуулап Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 17103,3 миң сом, анын ичинен өздүк киреше 5465,1  миң сом  (анын ичинен  атайын каражаттар 1145,7 миң сом), теңдештирүүчү трансферт -6600,0 миң сом,  Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт (целевой трансферт) – 3652,9 миң сом, мурунку жылдан өткөн калдык 1385,3 миң сом ( анын ичинен атайын каражат – 309,1 миң сом) жана чыгаша бөлүгү – 15492,6 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
  2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылга киреше бөлүгү – 26000,3  миң сомго , анын ичинен өздүк киреше – 6461,2 миң сомго (анын ичинен атайын каражат 936,1 миң сом) ,Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү трансферт – 12555,0 миң сом, Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт (целевой трансферт)   –  5929,3 миң сом, мурунку жылдан өткөн калдык – 1054,8 миң сом  (анын ичинен атайын каражат -307,1 ) жана чыгаша бөлүгү – 24923,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
  3. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн  2024- жылга жергиликтүү  бюджетинин киреше бөлүгү -18933,8 миң сом, анын ичинен Республикалык бюджеттен теңдештирүүчү трансферт – 12699,7  миң сом , өздук кирешелер – 6234,1 миң сом  (анын ичинен атайын каражат  588,0 миң сом) жана чыгаша бөлүгү – 18933,8 миң сомго бекитилсин.
  4. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025- жылга жергиликтүү  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы  -19534,8  миң сом, теңдештирүүчү трансферт 12699,7  миң сом, анын ичинен өздук киреше – 6835,1  миң сомго (анын ичинен атайын каражат -588,0 миң сомго )  бекитилсин.
  5. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2026-жылга  жергиликтүү  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунуцн планы  - 20241,8   миң сом, теңдештирүүчү трансферт 12699,7  миң сом, анын ичинен өздүк киреше – 7542,1  миң сомго (анын ичинен атайын каражат -588,0 миң сомго )  бекитилсин.
  6. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерде жана мекемелерде бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлумүнө  тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорунун орун басарларына милдеттендирилсин.
  7. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Г.М.Мадаевге  милдеттендирилсин.

Төрага:
Т. Бегматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№29/9


25-январь 2024-жыл

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө

Айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясын талкуусун угуп, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүмчөсүнө ылайык Коңур-Дөбө айылдык кенеши

токтом кылат:

  1. Коңур-Дөбө айыл  өкмөтүнүн  2024-жылдын 1-январына  карата 2023-жылдан пайдаланылбай калган өздүк кирешенин эсебинен 1054,8  (анын ичинен атайын каражат 307,1 ) миң сом калдык  акча каражатын 2024-жылдын  бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планына кошумча киргизилсин.
  2. Айылдык кеңештин отурумунда талкууланган 2024-жылдын 1-январына карата 2023-жылдан пайдаланылбай калган 1054,8 (анын ичинен атайын каражат 307,1 ) миң сом акча каражаты 2024-жылдын  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Алай райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
  3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Мадаев Гулжигит Мурзамидиновичке  жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Исакова Жазгул Насирдиновнага   милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:
Т. Бегматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн Регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№29/10


25-январь 2024-жыл

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн Регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндөгү” № 233 токтомуна жана № 153 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн Регламенти бекитилсин.
  2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу бардык мекемелерге бекитилген регламентти жетекчиликке алуу жеткирилсин.
  3. Регламенттин Жоболору менен кынтыксыз иш алып барууну уюштуруу Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Г.М.Мадаевге жана жооптуу катчысы Г.Кимсанбай кызына жүктөлсүн.

 

Төрага:
Т. Бегматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Коңур-Дөбө айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү материалдары жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№29/11


25-январь 2024-жыл

Коңур-Дөбө айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү материалдары жөнүндө

Коңур-Дөбө айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдарын карап чыгып Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган Коңур-Дөбө айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдары бекитилсин.
  2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Г. М. Мадаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:
Т. Бегматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-декабрындагы кезексиз сессиясында кабыл алынган № 28/3 токтомуна айрым түзөтүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№29/12


25-январь 2024-жыл

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-декабрындагы кезексиз сессиясында кабыл алынган № 28/3 токтомуна айрым түзөтүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылындагы айылдык маданият үйүн ремонттоо үчүн демилгелүү топтун сунуш кылган долбооруна ылайык өздүк салым кошуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомуна негизденип Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин чыгарылган 2023-ж.28-декабрь № 28/3 токтомуна Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылкы бекитилген бюджетин карап, талкуулап түзөтүү,өзгөртүү киргизүү үчүн Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылындагы айылдык маданият үйүн капиталдык ремонтоого байланыштуу демилгелүү топтун сунуш кылган долбооруна ылайык өздүк салым кошуу жөнүндөгү долбоорду карап чыгып,үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 5 652 5 млн. сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 300 000 сомдук өздүк салымды Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен бөлүп берүү сунушталсын деген 1- пункту өзгөртүлүп, төмөнкүдөй редакцияда жазылып кабыл алынып, 2-пункт толугу менен алынып салынсын Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылындагы айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттоого байланыштуу демилгелүү топтун сунуш кылган долбооруна ылайык өздүк салым кошуу жөнүндөгү долбоорду карап чыгып, Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген бюджетин карап, өздүк салымга каражат тартыштыгына байланыштуу долбоордогу жалпы 5 652,5 млн сом Ош облустук өнүктүрүү фондунан каржылоо суралсын.
  2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Г.М.Мадаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:
Т. Бегматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Кара-Шоро айылынын тургуну Токторалиев Чолпонбай Келдибаевичтин арызын кароо жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№29/13


25-январь 2024-жыл

Кара-Шоро айылынын тургуну Токторалиев Чолпонбай Келдибаевичтин арызын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-статьясынын 13-пунктунун, 18-статьясынын 3-4-пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын 2009-ж.26-январь № 30 Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын 1-2-беренелеринин негизинде Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Кара-Шоро айылынын тургуну Токторалиев Чолпонбай Келдибаевичтин арызы эске алынып, суралган Кара-Шоро айылынын этегиндеги авто жолдун сол тарабындагы тектирден орун алган 1.60 га жер аянты көрктөндүрүү үчүн мөөнөтүн көрсөтүү менен  ижарага берилсин.
  2. Суралган 1.60 га жер аянтынын топурагынын асылдуулугунун сапатын, кандай контурда тургандыгын аныктоо жана каттоо жагы тиешелүү мекемелерден суралсын.
  3. Токтомдун аткарылышы кеңештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жана жайыт комитети Р.Боронбаевге, жер адис К.Пасаңовго тапшырылсын.

 

Төрага:
Т. Бегматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн №23 М.Ташиев атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча демилгелүү топ сунуш кылган долбоору жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№29/14


25-январь 2024-жыл

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн №23 М.Ташиев атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча демилгелүү топ сунуш кылган долбоору жөнүндө

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн №23 М.Ташиев атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүүгө байланыштуу демилгелүү топтун сунуш кылган долбооруна ылайык өздүк салым кошуу жөнүндө долбоорду карап чыгып Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн №23 М.Ташиев атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүүгө  байланыштуу демилгелүү топтун сунуш кылган долбооруна ылайык өздүк салым кошуу жөнүндө долбоорду карап чыгып райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 2550000 сомдук долбоордо көрсөтүлгөн салымдан Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен 300000 сомдук өздүк салымды бөлүп берүү сунушталсын.
  2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына  жана айыл өкмөт башчы Г.Мадаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:
Т. Бегматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Бириккен Курманжан Датка айылдык Кеңешинин тогузунчу чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын отуруму

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Бириккен Курманжан Датка айылдык Кеңешинин тогузунчу чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын отуруму
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№9/1


21-июль 2023-жыл

Бириккен Курманжан Датка айылдык Кеңешинин тогузунчу чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын отуруму

Бириккен Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетиндеги акча каражаттарына киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү максатында Бириккен Курманжан Датка айылдык Кеңеши токтом кылат:

токтом кылат:

1.    Бириккен Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн учурдагы өндүрүштүк муктаждыктарын канаатандыруу максатында 2023-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киреше салыгынан жалпысы 2 500,0 миң (эки миллион беш жүз миң) сом акча каражаты бюджеттин планына кошумча суралсын.

 

2.   Жалпы каралган  2 500,0 (эки миллион беш жүз миң) сом акча каражаты чыгаша бөлүгүнүн 70629 тармагы 3111 статьясына 2000,0 (эки миллион) жана 2215 статьясына 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражаты бекитилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бириккен Курманжан Датка айылдык Кеңешинин депутаттарынын экономика, бюджет, экономикалык жактан өнгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:
А.Аматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын Бириккен Курманжан Датка айылындагы №74 А.Шеркулов атындагы орто мектебинде орнотулган В.И.Лениндин эстелигинин ордуна Артыкбай Шеркуловдун эстелигин орнотуу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Бириккен Курманжан Датка айылдык Кеңешинин тогузунчу чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын отуруму
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№9/2


21-июль 2023-жыл

Бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын Бириккен Курманжан Датка айылындагы №74 А.Шеркулов атындагы орто мектебинде орнотулган В.И.Лениндин эстелигинин ордуна Артыкбай Шеркуловдун эстелигин орнотуу жөнүндө

Бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын А.Шеркулов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын жана Бириккен Курманжан Датка айылынын тургундарынын Бириккен Курманжан Датка айылындагы №74 А.Шеркулов атындагы орто мектебинде орнотулган В.И.Лениндин эстелигинин ордуна Артыкбай Шеркуловдун эстелигин орнотуу боюнча жазылган арызды угуп жана талкуулап, Бириккен Курманжан Датка айылдык Кеңеши токтом кылат:

токтом кылат:

  1. Бириккен Курманжан Датка айылындагы №74 А.Шеркулов атындагы орто мектебинде орнотулган В.И.Лениндин эстелигинин ордуна Артыкбай Шеркуловдун эстелиги тургузулсун.

 

  1. №74 А.Шеркулов атындагы орто мектебине Артыкбай Шеркуловдун эстелигин тургузуу демилге көтөрүлүп жаткан жактар тарабынан тургузулсун.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Бириккен Курманжан Датка айылдык кещешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:
А.Аматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын Бириккен Курманжан Датка айылындагы №74 А.Шеркулов атындагы орто мектебине 5-класстан 9-класска чейин орус класстарын ачуу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Бириккен Курманжан Датка айылдык Кеңешинин тогузунчу чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын отуруму
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№9/3


21-июль 2023-жыл

Бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын Бириккен Курманжан Датка айылындагы №74 А.Шеркулов атындагы орто мектебине 5-класстан 9-класска чейин орус класстарын ачуу жөнүндө

Бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын Бириккен Курманжан Датка айылдындагы №74 А.Шеркулов атындагы орто мектебинин окуучуларынын ата-энелеринин атынан №74 А.Шеркулов атындагы орто мектебине 5-класстан 9-класска чейин орус класстарын ачуу боюнча жазылган арызды угуп жана талкуулап, Бириккен Курманжан Датка айылдык Кеңеши токтом кылат:

токтом кылат:

  1. Бириккен Курманжан Датка айылындагы №74 А.Шеркулов атындагы орто мектебине 5-класстан 9-класска чейин орус класстарын ачууга уруксат берилсин.

 

  1. Бириккен Курманжан Датка айылындагы №74 А.Шеркулов атындагы орто мектебине 5-класстан 9-класска чейин орус класстарын ачууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоо мектеп директоруна тапшырылсын.

 

        3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Бириккен Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ахматовго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага:
А.Аматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын Жылкелди айылынын Ленин участкасындагы А.Базарбаев көчөсүнө жөө жүрүүчүлөр үчүн жол (тротуар) куруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Бириккен Курманжан Датка айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын отуруму
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№9/4


21-июль 2023-жыл

Бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын Жылкелди айылынын Ленин участкасындагы А.Базарбаев көчөсүнө жөө жүрүүчүлөр үчүн жол (тротуар) куруу жөнүндө

Бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын Жылкелди айылынын Ленин участкасындагы тургундарынын суроо-талаптарын эске алып, Жылкелди айылынын Ленин участкасындагы А.Базарбаев көчөсүнө жөө жүрүүчүлөр үчүн жол (тротуар) куруу максатында 2023-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен кошумча түшкөн кирешелерди угуп жана талкуулап, Бириккен Курманжан Датка айылдык Кеңеши токтом кылат:

токтом кылат:

           1. Бириккен Курманжан Датка айыл аймагындагы Жылкелди айылынын Ленин участкасындагы А.Базарбаев көчөсүнө жөө жүрүүчүлөр үчүн жол (тротуар) курууга Бириккен Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинен 2,0 млн. (эки миллион) сом акча каражаты ажыратып берилсин.

 

             2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Бириккен Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ахматовго жүктөлсүн.

 

Төрага:
А.Аматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартибинин жобосун бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Бириккен Курманжан Датка айылдык Кеңешинин тогузунчу чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын отуруму
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№9/5


21-июль 2023-жыл

Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартибинин жобосун бекитүү жөнүндө

Бириккен Курманжан Датка айыл аймагында муниципалдык кызматтарды түзүүдө негиз боло турган Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо менен таанышып жана талкуулап Бириккен Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:

токтом кылат:

  1. Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө сунушталып жаткан жобо жактырылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Бириккен Курманжан Датка айыл аймагында түзүлгөн жана түзүлүп жаткан муниципалдык кызмат көрсөтүүчүлөр ушул жобону жетекчиликке алсын.  

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Бириккен Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ахматовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:
А.Аматов


Бириккен Курманжан Датка айылдык кеңешинин

8-чакырылышынын

кезектеги 9-сессиясынын

№9/5 токтому менен бекитилген

 

 

Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Бул, Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары-Жобо) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларына ылайык иштелип чыккан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү коомчулуктарга, жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү тартибинин жана аларды стандартташтыруунун негизги тартиптерин белгилейт.

2. Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

муниципалдык кызматтардын аутсорсинги - аталган кызматтарды көрсөтүү тартибин белгилеген мыйзамдардын талаптары сакталган шарттарда жеке менчик жана башка менчик формаларынын негизиндеги уюмдарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүү укугун өткөрүп берүү;

муниципалдык кызматтардын базалык реестри- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ыйгарым укуктарга ылайык, керектөөчүлөргө акылуу жана акысыз негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын минималдуу тизмеси;

муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси - администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде киргизилген, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө, жергиликтүү коомчулуктун керектөөсүнө жараша муниципалдык кызматтардын базалык реестринен сырткары түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын чечими боюнча керектөөчүлөргө акылуу жана акысыз негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын тизмеси;

муниципалдык кызматтарды аткаруучу - өздөрүнүн компетенциясынын чегинде муниципалдык кызмат көрсөткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муниципалдык мекемелер;

муниципалдык кызматтардын реестри - базалык реестрден жана конкреттүү администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинен турган муниципалдык кызматтардын тизмеси;

муниципалдык кызмат - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык мекемелердин жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабын аткаруу боюнча алардын укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга, ченемдик укуктук актылар менен аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга багытталган алардын компетенциясынын чегинде ишке ашырылган иштеринин натыйжасы же аймактын элинин жашоо-тиричилик маселелерин камсыздоо;

 муниципалдык акысыз кызмат - кайтарымсыз негизде жеке жана юридикалык жактарга бюджеттик каражаттардын эсебинен акысыз көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат;

муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат - мыйзамдарда белгиленген акы үчүн жеке жана юридикалык жактарга акы төлөнүүчү негизде (толук же жартылай) көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат;

муниципалдык кызматты керектөөчү- муниципалдык кызматты аткаруучуга түздөн-түз же өзүнүн өкүлү аркылуу кайрылган жергиликтүү коомчулук, жеке же юридикалык жак;

муниципалдык кызмат стандарты - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү муниципалдык кызматтын типтүү стандартынын негизинде иштелип чыгуучу, муниципалдык кызматты аткаруучу менен кызмат керектөөчүнүн өз ара аракеттенүү жол-жобосун аныктоочу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү муниципалдык кызматка коюлган талаптардын системалаштырылган тобу;

ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча мамлекеттик орган.

3. Ушул Жободо белгиленген ченемдер иштери муниципалдык кызмат көрсөтүүгө байланышкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер, жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жөнгө салуу жана контролдоо функцияларын аткаруу боюнча иштери муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрине киргизилбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөнгө салынат.

5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине (тизмесине) киргизилген мамлекеттик кызматтар мамлекеттик кызматтардын мындай түрлөрү үчүн иштелип чыккан стандарттардын негизинде ишке ашырылат.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген, типтүү стандарттын негизинде иштелип чыгуучу муниципалдык кызматтардын стандарттарына ылайык муниципалдык кызматтар көрсөтүлөт.

7. Муниципалдык кызматтардын реестрине киргизилген муниципалдык кызматтар төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:

1) тиешелүү муниципалдык кызмат көрсөтүүгө жеке жана юридикалык жактардын суроо - талабынын же тиешелүү аймактын калкынын жашоо-тиричилигин камсыздоо боюнча муктаждыктын болушу;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мындай муниципалдык кызмат көрсөтүүгө компетенттүүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен Кыргыз Республикасынын башка ченемдик - укуктук актыларынан келип чыгуучу тиешелүү милдеттеринин болушу;

3) аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен түздөн -түз байланышкан муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн бүтүндүгү;

4) муниципалдык кызматтарды стандартташтыруу мүмкүнчүлүгү.

Бул критерийлердин бирине да жооп бербеген муниципалдык кызмат муниципалдык кызматтардын реестрине киргизилбейт.

8. Төмөнкү учурлардан тышкары муниципалдык кызматтар акысыз негизде көрсөтүлөт:

1) муниципалдык кызмат көрсөтүү аны керектөөчүгө кооптуу объекттерди ээлөөгө, пайдаланууга же айлана - чөйрө жана экология үчүн (курулуш жана аны менен байланышкан башка иш) коркунучтуулугу жогору ишти жүргүзүүгө укук берсе же ишкердик иш жүргүзүү үчүн керектүү шарттарды түзсө;

2) биринчи кызмат акысыз негизде көрсөтүлгөн шартта, экинчи жолку жана ар бир кийинки муниципалдык кызмат көрсөтүү;

3) муниципалдык кызмат көрсөтүү муниципалдык кызматтарга карата белгиленген стандарттык талаптардан ашыкча көрсөтүлсө (мөөнөтү, шарттуулугу, кызмат көрсөтүү орду боюнча ж.б.у.с.);

4) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында акысыздыгы бекитилген, ошондой эле эл аралык конвенциялар боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринен келип чыгуучу муниципалдык кызматтар акы төлөө негизинде көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.

 

2. Муниципалдык кызматтардын базалык реестрин түзүү тартиби

 

§ 1. Муниципалдык кызматтардын базалык реестрин иштеп чыгуу

 

9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан керектөөчүлөргө көрсөтүлгөн бардык муниципалдык кызматтарды баштапкы инвентаризациялоодон өткөрөт. Муниципалдык кызматтарды баштапкы инвентаризациялоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен уюшулган жумушчу комиссия (мындан ары-комиссия) жүргүзөт.

10. Комиссия өз ишин ушул Жобонун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекиткен комиссиянын иш тартибин, чечимдерди кабыл алуу жол-жобосун, комиссиянын курамынын өзгөрүшүн жана комиссиянын максаттарына, милдеттерине жетишүү үчүн керектүү башка маселелерди жөнгө салуучу комиссия жөнүндө жобонун негизинде жүргүзөт.

11. Комиссиянын курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана көз карандысыз эксперттердин өкүлдөрүнөн, бизнес коомчулуктардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.

12. Комиссиянын персоналдуу курамын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекитет.

13. Комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- муниципалдык кызматтардын белгиленген критерийлерге ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүү;

- аныкталган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ченемдик укуктук базасын инвентаризациялоо;

- базалык реестрди тактоо жана түзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;

- суроо-талаптары боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүлгөн жана ал таркатылган керектөөчүлөрдүн чөйрөсүн аныктоо;

- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн негиздүүлүгүн жана аны көрсөтүү менен байланышкан аракеттерди иликтөө;

- муниципалдык кызматтардын базалык реестринин долбоорун даярдоо;

- муниципалдык кызматтарды базалык реестрине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча негизделген сунуштарды, ошондой эле юридикалык жана жеке адамдарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө укуктарды өткөрүп берүү боюнча сунуштарды даярдоо (аутсорсинг);

- муниципалдык кызматтарды, анын ичинде юридикалык жана жеке адамдарга берилген кызмат көрсөтүү укуктарын туруктуу негизде мониторингдөө жана сапатын талдоо;

- муниципалдык кызматтарды уюштуруунун жана көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, анын ичинде аларды регламентациялоо, стандартташтыруу жана маалыматташтыруу маселелери боюнча Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары- Ведомстволор аралык комиссия) кароосуна киргизүү үчүн сунуштарды даярдоо, ошондой эле муниципалдык кызматтардын жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү(же аракеттерди ирилештирүү).

Комиссиянын чечими сунуш берүүчү мүнөзгө ээ болот жана тиешелүү протокол менен таризделет.

14. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук жана башка документтерди изилдөөнүн жана талдоонун негизинде, ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык муниципалдык кызматка киргизүүнүн критерийлерине ылайыктуулугун талдоону жана 8-пунктта белгиленген критерийлерге ылайык муниципалдык кызматтардын акы төлөнүүчү/акысыз негиздерин аныктоонун жыйынтыктары боюнча комиссия муниципалдык кызматтардын базалык реестринин долбоорун түзөт.

Муниципалдык кызматтардын базалык реестринин долбоору төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:

- муниципалдык кызматтын түрү;

- муниципалдык кызматтын аталышы;

- муниципалдык кызматты аткаруучу;

- муниципалдык кызматтын акы төлөмө же акысыздыгы.

 

§ 2. Муниципалдык кызматтардын базалык реестрин кароо жана бекитүү

 

15. Муниципалдык кызматтардын базалык реестринин долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган муниципалдык кызматтардын базалык реестринин долбоорун киргизүүдө ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизүү үчүн төмөнкү документтерди тиркейт:

- муниципалдык кызматты алууга кызыкдар болгон керектөөчүлөр чөйрөсүнө андай кызмат кандай ченемдик- укуктук актыларга ылайык бериле тургандыгын көрсөтүү менен тиешелүү муниципалдык кызматты муниципалдык кызматтардын базалык реестрине киргизүү зарылдыгы жөнүндө негиздеме- маалымкат;

-муниципалдык кызматтын ушул Жободо белгиленген критерийлерге ылайыктуулугу жөнүндө таблица;

-өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду же алып салууну киргизүүнү талап кылган ченемдик- укуктук актылардын тизмеси;

- юридикалык жана жеке адамдарга кызмат көрсөтүү укугунун берилиши мүмкүн болгон муниципалдык кызматтардын тизмеси.

16. Муниципалдык кызматтардын базалык реестринин долбооруна тиркөө үчүн милдеттүү болгон документтердин биринин эле жоктугу талап кылынган материалдар толук такталганга чейин Ведомстволор аралык комиссиянын кароодон баш тартуусунун негизи болуп калат.

17. Муниципалдык кызматтардын базалык реестринин долбоору Ведомстволор аралык комиссия тарабынан тиешелүү чечим (корутунду) чыгаруу менен каралат.

18. Ыйгарым укуктук мамлекеттик орган Ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусун алып, тийиштүү сунуштамаларды эске алгандан кийин тиешелүү ченемдик-укуктук актынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.

19. Муниципалдык кызматтардын базалык реестри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилгенден же ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин тиешелүү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө 10 күндүк мөөнөттө коомчулукка маалымдоо керек.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коомчулукка белгиленген тартипте маалымдайт, анын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун веб-сайттарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн имараттарында жайгаштырылган туруктуу маалыматтык такталарында же башка коомдук жерлерде жарыялайт.

 

§ 3. Муниципалдык кызматтардын базалык реестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

 

20. Муниципалдык кызматтардын базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилге көтөрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, муниципалдык кызматтарды керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери, жарандардын жыйналыштары (жыйындар) ээ болот.

21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык кызматтарды керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери, жарандардын жыйналыштары (жыйындар) муниципалдык кызматтардын базалык реестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштары менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылышат.

22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суроо-талаптын негизинде 30 күндүк мөөнөттө сунушту ушул Жобого ылайык карап чыгып, андан кийин муниципалдык кызматтардын базалык реестрине тиешелүү өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнү демилгелейт же болбосо андан негиздүү баш тартуусун билдирет.

23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Ведомстволор аралык комиссиянын муниципалдык кызматтардын базалык реестрине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү маселеси боюнча оң корутундусун алгандан кийин чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте киргизет.

 

3. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби, муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин иштеп чыгуу

 

§ 1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин иштеп чыгуу

 

24. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кызматты киргизүү боюнча сунушту жарандардын жыйналышынын (жыйыны), муниципалдык кызматтарды керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын суроо-талабынын негизинде, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзүнүн демилгеси боюнча киргизет.

25. Кошумча муниципалдык кызмат конкреттүү-администрациялык аймактык бирдиктин аймагында (шаарлар, айылдык аймактар) киргизилет жана көрсөтүлөт.

Айрым кошумча муниципалдык кызматтар муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында, бир канча администрациялык-аймактык бирдиктин (шаарлар, айылдык аймактар) аймагында киргизилиши жана көрсөтүлүшү мүмкүн.

26. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун даярдоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен мүчөлөрү 5тен кем эмес курамдан турган комиссия түзүлөт. Ошол эле учурда жарандык коомдун өкүлдөрү комиссиянын курамынын 50%дан кем болбоого, ал эми бир жыныстагылардын өкүлдөрү 70%дан ашпоого тийиш.

Комиссияны төрага - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун орун басары жетектейт. Комиссиянын чечими сунуштама мүнөздөмө болуп, тиешелүү протокол менен таризделет.

27. Комиссия каралып жаткан кызматтардын муниципалдык кызматтардын критерийлерине жана ушул Жобонун 7 жана 8- пункттарына ылайык кызматтын акы төлөмө, акысыз критерийлерине ылайыктуулугун аныктайт.

Комиссия көз карандысыз эксперттерди чакыруу менен экспертиза жүргүзөт.

28. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт:    

жергиликтүү кеңештин чечими;

муниципалдык кызматтын аталышы;

муниципалдык кызматтарды стандартташтырууга жооптуу органдын аталышы;

муниципалдык кызматты аткаруучунун аталышы;

кызмат көрсөтүүнүн (акысыз же акы төлөнүүчү) шарттары.

 

§ 2. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

 

29. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы суроо-талап алган датадан тартып 30 календардык күндүн ичинде комиссиянын сунуштамасынын негизинде жергиликтүү кеңештин кароосуна муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун киргизет же кошумча кызматтардын демилгечилерине (арыз ээлерине) негиздүү баш тартуусун билдирет.

30. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоору жергиликтүү кеңештин кароосуна төмөнкү документтерди тиркөө менен киргизилет:

арыз же жарандардын жыйналышынын (жыйынын) чечиминин протоколу;

муниципалдык кызмат алууга кызыкдар болгон керектөөчүлөрдү аныктоо менен аталган кошумча муниципалдык кызматтын зарылдыгы жөнүндө негиздеме - маалымкат;

муниципалдык кызматты акысыз негизде көрсөтүү үчүн керектүү бюджеттик сарптоолор;

керектөөчүлөргө муниципалдык кызматты акы төлөнүүчү негизде көрсөтүүнүн негиздемеси, муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн наркынын антимонополиялык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган эсептөөлөрү менен;

жергиликтүү кеңештин чечиминин долбоору.

31. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө чечим жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат.

32. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү аны түзгөндөй эле тартипте жүргүзүлөт.

33. Акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүүгө, ага өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүгө монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ыйгарым укуктуу орган жана Ведомстволор аралык комиссия менен макулдашылгандан кийин гана жол берилет.

 

4. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү

 

34. Муниципалдык кызматтардын стандартынын долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген типтүү стандарттын негизинде муниципалдык кызматтарды стандартташтыруу үчүн жооптуу орган тарабынан муниципалдык кызматтардын реестрине кызмат киргизилген датадан кийинки 30 күндөн кечиктирилбестен иштелип чыгат.

35. Стандартташтырууга жооптуу орган муниципалдык кызматтын стандартын иштеп чыгууда жана бекитүүдө муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн принциптерин сактоого милдеттүү: кызматтын жеткиликтүүлүгү, кызматтын сапатын камсыздоо, керектөөчүгө багытталышы, отчеттуулук, айкындуулук, кызматты алуудагы тең укуктуулук, керектөөчүлөрдүн кызматтардын реестрлерин түзүү процессине катышуусу, көрсөтүлгөн кызматтардын натыйжалуулугу.

36. Муниципалдык кызматтардын стандартынын долбоору ушул Жобонун 9 жана 26 - пункттарына ылайык ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзгөн комиссиялар тарабынан ишке ашырылат.

37. Муниципалдык кызматтардын базалык реестрине кирген муниципалдык кызматтардын стандарттарынын долбоорлору жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Ведомстволор аралык комиссия менен макулдашкандан кийин киргизилет.

38. Муниципалдык кызматтардын базалык реестрине кирген муниципалдык кызматтардын стандартынын долбоорлору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан тиешелүү жергиликтүү кеңештин бекитүүсүнө киргизилет.

 

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жоопкерчилиги

 

39. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекемелерге муниципалдык кызматтардын реестрине кирбеген кызматтарды керектөөчүлөргө көрсөтүүгө тыюу салынат.

Бул Жобонун ченемдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, ошондой эле муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген кызматтар керектөөчүлөргө көрсөтүлгөн учурларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жана алардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.

40. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мекемелер тарабынан муниципалдык кызматтардын реестрине киргизилбеген, акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдөн алынган кирешелер толук көлөмдө жана милдеттүү түрдө жергиликтүү бюджетке алынат.

41. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген, муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө жол берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдарына жана муниципалдык мекемелердин жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган муниципалдык кызматтарды уюштурууга жана көрсөтүүгө жумшалган чыгымдардын ордун толук толтуруу менен тартиптик же материалдык мүнөздөгү жаза көрүлүшү мүмкүн.

 

 

 

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Бириккен Курманжан Датка айылдык Кеңешинин тогузунчу чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын отуруму
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№9/6


21-июль 2023-жыл

Бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө

Бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставы менен таанышып жана талкуулап Бириккен Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:

токтом кылат:

  1. Бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставы жактырылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Бириккен Курманжан Датка айыл аймагында Жергиликтүү жамааттарды түзүүдө ушул жобону жетекчиликке алсын.  

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Бириккен Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ахматовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:
А.Аматов

Бириккен Курманжан Датка айылдык кеңешинин              8-чакырылышынын кезектеги             9-сессиясынын №9/5 токтому менен бекитилген

 

                 Бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставы

 

Биз, Бириккен Курманжан Датка айыл аймагынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда территориябызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен;

ата-бабабыздын “Ырыс алды ынтымак”, “ Көп түкүрсө көл” деген накыл кептерин туу тутуп;

өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, адеп-ахлакты тазартууну жана чыңдоону, айыл аймагыбызды өнүктүрүүнү максат кылып;

жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 
  3. Жергиликтүү маанидеги маселелер
  4. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
  5. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери
  6. Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака жүргүзүүсүнүн тартиби
  7. Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча уюмдашышынын экономикалык – чарбалык негиздери
  8. Корутунду жоболор

 

I. Жалпы жоболор

1. Жалпы жоболор

1.1. Айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушунун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.

1.2. Ушул Устав айыл аймагында колдонулат жана өзүнүн уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын  бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.

2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

администрациялык-аймактык бирдик - бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өзалдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар;

жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү шаардын же айылдык аймактын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;

жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, шаардын же айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;

өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;

демилгечи топ – ушул Уставга ылайык шаардык же айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү, шаардын же айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн шаарда же айыл аймагында жашаган 5-7 жарандардын курамындагы ыктыярдуу бирикме;

(Демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыктыяры боюнча белгиленет);

жергиликтүү курултай (жергиликтүү жамааттын курултайы) – айыл аймагында (шаарда) жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо, коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштамаларды берүү максатында өткөрүлүүчү айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;

муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмилдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;

жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;

жарандардын чогулушу (жыйыны) – жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамдарынын иши жөнүндө калкка маалымат берүү үчүн колдонулуучу бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын же шаардын аймагында жашаган жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга түздөн-түз катышуусунун формасы.

коомдук угуулар – жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга,  оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;

жамаатын муктаждыгын чогуу иликтөө – маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу;

каада-салт – кандайдыр бир элдин турмуш тиричиликтеги, үй-бүлөдөгү жүрүм-турум нормалары, эрежелери, ырым-жырым, адеп-ахла, каада-жөрөлгө, жол-жоболордун жыйындысы. Каада-салттарды жана үрп-адаттарды ар кандай ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр коштойт.

салт - жалпы элдик мүнөздөгү менталдык эрежелердин системасы, ал өзүнө нарк, каада, элдик үрп-адаттарды камтыйт жана ырым-жырымдар менен коштолуп турат.

эреже – бул ишмердүүлүктүн кандайдыр-бир түрүн жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоочу процедуралык эрежелерди белгилеген ченемдик укуктук актынын формасы.

 

3. Айылдык аймактын территориясы

3.1. Айылдык аймактын территориясы айылдык аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.

3.2. Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт Бириккен Курманжан Датка, Жылкелди жана Барак айылы.

4. Айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын статусу, укуктары жана милдеттери

4.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, шаарда же айылдык аймакта туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары шаардын же айылдык аймактын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.

4.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги субъектиси жана объектиси болуп саналат.

4.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишмердүүлүгүнүн бардык негизги маселелерин жергиликтүү жамаат менен макулдашып чечишет, өз ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жамааттын алдында отчет беришет. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосундагы талаш-тартыштарды чечет.

4.4. Жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүнүн деңгээлине төмөндөгү белгилердин (прецеденттик мүнөздөмөлөрдүн) негизинде баа берсе болот:

- коомдук өз ара аракеттенүү, коңшулук мамилелер, жүрүм-турумдун жалпы эрежелери жана нормалары; 

- чарбалык муктаждык (көпүрө куруу, эс алуу, билим берүү жайларын ремонттоо жана башка) келип чыккандагы жашоочулардын биримдиги;

- жан-дүйнө жана маданий керектөөлөрүн чечүүдө жашоочулардын биримдиги; - жашаган жерин көрктөндүрүүдө жашоочулардын биримдиги;

- коллективдүү жана жеке укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоодогу биримдик; - аймактык коомдук башкаруунун (TOC) болушу жана активдүүлүгү;

- жарандардын өз ара салык киргизүүсүнүн болушу;

- маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдөгү жашоочулардын активдүүлүгү (жылына өткөрүлгөн иш чаранын саны жана катышкандардын саны);

- өндүрүштүк, чарбалык ишмердиктеги өз ара байланыш;

- жарандардын ченем чыгаруудагы активдүүлүгү (чогулуштарда, жыйындарда чечим кабыл алууга катышуусу);

- жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүгө катышуусу (ЖӨБО отчетторун угууга катышкан жамааттын мүчөлөрүнүн саны);

- жашоочулардын бири-бирине өз ара социалдык жардам көрсөтүүсү (той, маркумду узатуу жана башка иш чараларына катышуусу, ардагерлерге жана багуусуз калгандарга жардам берүүсү).

4.5. Жергиликтүү жамааттын зарылчылыгына жараша башка жергиликтүү жамааттар менен түздөн-түз алакага кирүүгө укугу бар.

4.6. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укутуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби жергиликтүү кеңештин токтому менен белгиленет.

 

5. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн чыгуунун тартиби

5.1. Жашы 16 дан жогору, Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаарда же айылдык аймакта өзү жашаган дареги боюнча каттоодон өтүү фактысы аны шаардын же айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп саналат.

5.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эcептелбеген (каттоосу боюнча), бирок шаарда же айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.

5.3. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранынын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.

5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:

- ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;

- ал каза болгондо;

- аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими  мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- ал шаардан же айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.

 

6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары

6.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу:

- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;

- жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого - мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгечи топторду түзүүгө;

- жамааттын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгеүү топторду түзүүгө;

- айыл өкмөтүнө жана жергиликтүү кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана коллективдүү кайрылууларды жөнөтүүгө, жамаатка тийешелүү бардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө жана коюлган суроолоруна ынанымдуу жооп алууга, алардын иши боюнча пикирин айтууга жана баа берүүгө;

- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;

- муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин реестиринин мазмуну менен таанышууга;

- айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин, муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга;

- жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен күч аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамааташтыктан ортолук менчигинде уюм, мекеме ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга:

- жергиликтүү курултайларга, айылдык жыйындарга, чогулуштарга, жерпгиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;

- уставда каралган ушул укуктар өз алдынча башкаруу органдары же алардын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды кароо максатында тиешелүү органдарга кайрылууга;

- жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну  талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;

- жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чараларга, марафондорго) катышууга;

- кичи райондордун, шаарлардын айланасындагы жаңы турак-жай конуштарынын кеңештери, үй, көчө, кварталдык комитеттер түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды, жамаатты, коммерциялык эмес уюмду Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбегендей түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;

- жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада маалымат алууга (жарандык бюджет);

- мыйзамдын чегинде өндүрүштүк тейлөөчүлүк (сервистик) соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга;

- адал мээнет, ак эмгек менен өз байлыгын арттырууга жана анын жалпы жамаат, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушун талап кылууга;

- ушул Уставда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана чектөө соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

 

7. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери

7.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;

- жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;

- жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;

- этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка характердеги конфликтерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;

- этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;

- жамаатын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө;

- жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди,  жолдорду, көпүрөлөрдү, оңдогон арыктарды, көчөлөрдү, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча (бекитилген шарттарды, чекиттерди) нормаларды, өзгөчө кырдаалдарда жана башка шарттарда коомдук тартипти, жарандык коргонуунун талаптарын сактоого жана башка коомдук кызматтарды милдетүү түрдө аткарууга;

- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул Уставдын негизинде кабыл алынган бардык чечимдерин аткарууга;

- жамааттын белгиленген ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;

- жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга.

- өз үйүн, короо-жайын таза кармоого жана өз убагында оңдоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку түшүмдү алууну камсыз кылууга;

- калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого; - курчап турган табиятка (айлана-чөйрөгө) камкордук, сарамжалдуулук менен мамиле жасоого, токой, бак-дарак жана башка өсүмдүктөргө жана жанжаныбарларга кыянат мамиле кылгандар менен аеосуз күрөшүүгө, тарихый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;

- калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, ветеринардык жоболорду сактоого;

- мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайууга;

- турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак үйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө;

- мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштөрүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына зыян келтирүүчүлөргө жана адептүүлүккө көңүл коштук менен мамиле жасабай ага каршы күрөшүүгө милдеттүү.

Жергиликтүү жамааттын ар-бир мүчөсү, өз аймагынын калыптанып калган шарттарына жараша, кошумча төмөндөгү өзгөчө милдеттерди жана парздарды аткарууга милдеттүү:

- ар бир ата-эненин милдети катары баланын өсүп-өнүгүүсүнө жана билим алуусуна кам көрүүгө, туура тарбия берүүгө жооп берүүгө;

- эмгекке жарамдуу жашы жеткен ар бир бала ата-энелерине камкордук көрүүгө;

- жалпы калктын ыйык парзы катары жамааттын ар бир мүчөсүнө гумандуулук жана боорукердик менен мамиле жасоого, жетимдерди жана атаэнесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөрү жок карыкартаңдарды, майыптарды, эмгекке жарамсыздарды камкордукка алууга жана багууга;

- улууга урмат, кичүүгө ызат, аялдарга сый көрсөтүүгө, араккечтике, уурулукка, баңгиликке, сойкулукка, бузукулукка, бекерпоздукка барбоого, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоого, коомдук тартипти сактоого катышууга;

- ар бир үй-бүлө башчысы өз үй-бүлөөсүндө ынтымактуу, бейпил турмушту камсыз кылууга, кошуна колоңдор менен тынчтыкта жашоого, үй-бүлөө  мүчөлөрүн, айрыкча жаш муундарды эмгектенүүгө, Ата-Мекенин, өз айылын шаарын сүйүүгө, патриотуукка, интернационализмге, достукка тарбиялоого;

- ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоого, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоого, ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүүгө;

- айыл аймагынын, шаардын коомдук жайларында жамааттын беделин түшүрүүчү жосунсуз жоруктарды жасабоого, намысты бекем кармоо ыйык парз экендигин унутпоого;

- маркумду акыркы сапарга узатууда жоосунсуз жоруктарды жасоого, атап айтканда көңүл айтуу сыяктуу шылтоолоп ичкилик ичүүлөргө, уруксат берилгенден ашык мал союуга, жыртыш таратууга, кийит кийгизүүго, доорон акы берүүгө катуу тыюу салынат;

- кызды күйөөгө берүү, келин алуу эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлүпөт жана ашыкча чыгымга жол берилбейт;

- ичкиликке, наркоманияга өтө берилген атуулдарга коомдук жаза чаралары менен таасир кылууга катышууга;

- айылдагы ар бир атуул кыргыз элинин кайрымдуулук салттарын улап, бей-бечараларга, жардамга муктаждарга жардам көрсөтүү максатында айыл өкмөтүнүн алдында фонд ачылат, түшкөн каражат комиссия аркылуу бөлүштүрүлүп турулат;

- уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө бүлгүн салууга жол бербөөгө;

- айыл аймагындагы жана шаардагы жол жээктериндеги муниципалдык менчиктеги бак-дарактарды айыл өкмөтүнүн жана мэриянын уруксатысыз кыюуга тыюу салынат;

- ар бир айылда бада же кезүү уюштурулуп бош жүргөн мал болбоого тийиш. Эгин жана чөп чабынды, үлүш жерлерге түшкөн мал үчүн ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат.

- Орозо, Курбан айт, Ноорузду спирт ичимдиксиз белгилөө ар адамдын ыйык милдети деп эсептелинет.

 

II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

 

8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аны ишке ашыруунун формалары

8.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүлүгү.

8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жарандардын жергиликтүү жамааттары түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү (жергиликтүү кеңештер) жана аткаруу (айыл өкмөтү/шаардын мэриясы) органдары аркылуу жүзөгө ашырышат.

8.3. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелелерди жыйындарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда талкуулоо, ченем чыгаруу демилгесин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча түз добуш берүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну тикелей ишке ашырышат.

8.4. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле өз демилгеси, өз каражаттарынын жана башка тараптардын каражаттарынын эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу да жергиликтүү өз алдынча  башкарууну ишке ашырышат.

 

9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

9.1.  Бириккен Курманжан Датка айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөтү, шаардын мэриясы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.

9.2. Жарандар мыйзамдарга жана ушул уставга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылышат, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалымат алышат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланышат.

9.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары мезгил-мезгили менен бирок жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн алдында отчет берип турушат.

9.4. Айыл өкмөтү маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, жергиликтүү кеңештин кароосуна жалпы жамаатка тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизүү үчүрүнда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын сурап билүүгө, алар кабыл алынгандан кийин жамааттын мүчөлөрүн кабарландырууга милдеттүү.

9.5. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн сессиясынын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга катышуусуна шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү.

 

III. Жергиликтүү маанидеги маселелер

 

10. Жергиликтүү маанидеги маселелер

10.1.Жергиликтүү маанидеги маселелер – бул айыл аймагынын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, жергиликтүү жамааттын жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген маселелер. Алар тиешелүү мыйзам жана жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен өзгөртүлөт жана/же токтотулат.

10.2. Жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеси Мыйзамда белгиленген тизме менен биротоло бүттү деп эсептелбейт. Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана КР мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө укуктуу.

10.3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет.

10.4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттын жарандардын демилгеси боюнча өз алдынча түзүлгөн топтору тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.

 

11. Мыйзамда белгиленбеген жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктоонун тартиби

11.1. Маселени жергиликтүү маанидеги деп табуу үчүн ал жергиликтүү муктаждыктын жана кызыкчылыктын болушу, мамлекеттик же башка тараптардын эч кимиси аны чечпей жатышы, аны чечүү үчүн ресурстарды табуунун мүмкүнчүлүгүнүн бардыгы, аны аткаруучу субъектилердин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жамаат) отчеттуулугу сыяктуу критерийлерге туура келүүгө тийиш. 1

1.2. Төмөнкү тизмедеги маселелер жергиликтүү маанидеги маселелер катары жергиликтүү жамааттын уставына киргизилиши мүмкүн:

көчөлөрдү, суу курулмаларын оңдоп-түзөөнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

коомдук пайдалануудагы жерлердеги бак-дарактарды өстүрүүнү жана коргоону жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттуларды кармоону жана багууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүнү жана пайдаланууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы сугат суусун колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы ичүүчү сууну колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

калктуу конуштарда жазгы айдап-себүү жана күзгү оруп-жыюу жумуштарынын мезгилинде калк менен кызмат көрсөтүүчү механизаторлордун ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү;

жергиликтүү жамааттын ичиндеги ийкемдүү мамиле, жашоого жагымдуу маанай түзүү, жергиликтүү жүрүм-турумду, адеп-ахлакты бекемдөөгө, элдик каада-салты сактоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;

жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүгө көмөк көрсөтүү;

үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү.

11.3. Жергиликтүү жамаат өзү ушул уставга ылайык аныктаган Мыйзамда белгиленбеген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча эрежелерди иштеп чыгат, колдонууга киргизет жана сакталышын, аткарылышын көзөмөлдөйт.

 

12. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу, бул учурдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби. Демилгечи топтор

12.1. Жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 16 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (мындан ары - СЭӨП) натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана мунициалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.

12.2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу жамааттын мүчөлөрүнүн жамааттын муктаждыктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип же өз алдынча иликтөөсү аркылуу жүзөгө ашырылат.

12.3. Жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессинде, ыктыярдуу негизде айыл өкмөтү жана /же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ар кайсы тармактар боюнча демилгечи топторду түзөт, аткаруу мөөнөттөрүн, ресурстарын, аткарууга жооптууларды белгилейт. Бул учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу, аларды чечүү боюнча иш-чараларды аныктоо, бул тууралуу шаардын же айылдык аймактын жашоочуларынын ой-пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу ишке ашырылат.

12.4. Жамаааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:

- жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү;

- жергиликтүү кеңештин депутаттары;

- айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;

- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү.

12.5. Шаардын мэриясы же айыл өкмөтү жумушчу жолугушуулардын натыйжалары боюнча жыйынга (чогулушка), коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат:

- жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

- тандалып алынган багыттар боюнча демилгечи топтордун санын;

- жергиликтүү жамаат менен макулдашуу (өзгөртүү, толуктоо) үчүн демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.

12.6. Демилгечи топтордун саны жана алардын курамы, жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши менен макулдашылат, андан кийин шаардын мэринин же айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен бекитилет.

12.7. Биргелешкен аракеттер Планынын долбоору жергиликтүү жамаат менен жыйында (чогулушта), коомдук угууларда макулдашылат, катышуучулардын сын-пикирлери жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. Бул маалымат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына же болбосо маалыматтык тактайында илинүү жолу менен жалпы элге маалымдалат.

12.8. Социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасы шаардын мэриясы же айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республкасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

12.9. Жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт. Талкуунун жыйынтыгы боюнча социалдыкэкономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасы жана жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

 

13. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү

13.1. Жамааттын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча иш чаралары жүргүзүлөт.

13.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары төмөнкү болуп саналат:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;

- айылдык аймактын территориясында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин /долбоорлордун/ программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

- жергиликтүү демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу процессин, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;

- этностор аралык конфликтерди алдын алуу жана болтурбоо максатында шаардын же айылдык аймактын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.

13.3. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Жергиликтүү кеңеш ушул Уставдын 27.2. пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.

13.4. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, демилгечи топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана башка жактар кирүүгө укуктуу. Топтун курамы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

13.5. Шаардык мэрия же айыл өкмөтү ушул Уставдын 15.1.-15.2. пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.

13.6. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо үчүн жыйындарга (чогулуштарга), коомдук угууларга, курултайларга зарылчылыгына жараша киргизилет.

 

14. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу

14.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, ченемдик укуктук актыларга ылайык, жашаган жери боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгелери жана өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүү үчүн же айыл аймагынын бөлүгүндө ишке ашыруу үчүн аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын уюштурууга укуктуу.

14.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары шаарларда аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кеңеши, кварталдык жана үй комитеттери, айылдарда кварталдык, көчө жана үй комитеттери түрүндө түзүлөт.

14.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.

14.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу алар жергиликтүү кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алууга укуктуу.

14.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарына келишимдик негизде жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди өткөрүп бериши мүмкүн. Ошондой эле аларга ыкчам башкарууга чарбалык объекттерди, турак жай жана турак жай эмес фондду, ошондой эле өзүнүн материалдык жана башка ресурстарынын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу.

14.6. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешке отчет берет.

 

IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары

 

15. Жергиликтүү жамааттын курултайы

15.1. Айыл аймагында жалпы кызыкчылыктарды жараткан өтө маанилүү маселелерди, анын ичинде жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушуна тиешелүү жергиликтүү маанидеги маселелерди жамааттын мүчөлөрү менен талкуулап, сунуштама түрүндө коллективдүү чечим кабыл алуу үчүн айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны - жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары - курултай) чакырылат.

Курултайдын делегаттары (жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү) жарандардын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен шайланат.

15.2. Курултайдын ишин уюштуруу конституциялык мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Жободо жана ушул уставда каралган тартипте жүргүзүлөт.

15.3. Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:

- жергиликтүү жамааттардын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын, ошону менен бирге жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аркеттер пландарын, аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун (мындан ары – СЭӨП, БАП ж.б.);

- жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;

- жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу;

- коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка ишчараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;

- өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуштиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.

15.4. Курултайдын чечимдери сунуштама түрүндө болот жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысынын катышуусу менен жергиликтүү кеңеште милдеттүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери жергиликтүү кеңеш жактыргандан кийин шаар же айыл аймагынын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү датасы жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтүү жамааттын курултайын даярдоо жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.

15.5. Курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санына жана шаар же айыл аймагынын өзгөчөлүктөрүнө жараша жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүктүн нормаларына ылайык, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жашаган жери боюнча шаардык же айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат. Эгерде шаар же айыл аймагы бирден ашык калктуу пунктан, аймактык бирдиктен турса, анда өкүлчүлүктүн нормасы пропорционалдуу түрдө алардын ар биринин калкынын өкүлчүлүгүн эске алуу зарыл.

15.6. Күн тартибин көрсөтүү менен курултайды чакыруу демилгеси жергиликтүү кеңешке, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна тийиштүү болот.

15.7. Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.

 

16. Жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши

16.1. Калыптанып калган практикага ылайык шаарлар кичи райондордон, жеке секторлордон, чөлкөмдөрдөн жана турак-жай конуштарынан, айыл аймактары айылдардан (калктуу конуштардан) турат. Алар территориясы боюнча аймактык коомдук башкарууларга, кварталдарга жана көчөлөргө бөлүнгөн.

16.2. Курултайлардын аралыгында (ортосунда) жергиликтүү жамааттын ишмердүүлүгүн уюштуруу максатында курултайдын чечими менен шаардын же айыл аймагынын бүткүл территориясын камтыгандай түрдө бардык аймактык коомдук башкаруулардан, айылдардан, кварталдардан жана көчө комитеттеринен бир жылга шайланган бирден өкүл, айыл аймагынан сыртта жашаган жердештик коомдордун башчылары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү түзгөн коомдук уюмдардын жетекчилери курамына кирген Жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши (мындан ары-Кичи кеңеш) түзүлөт.

16.3. Кичи кеңешке жергиликтүү курултайдын төрагасы жетекчилик кылат.

16.4. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын аймагында жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кеңешин, карыялар кеңешин, аксакалдар сотун, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ), коммерциялык эмес уюмдарды жана башка коомдук уюмдарды түзүшүнө түрткү берет жана көмөк көрсөтөт.

16.5. Кичи кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен бирдикте иш алып барат.

16.6. Кичи кеңеш туруктуу жана ыкчам байланышта болуу үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн тартуу менен уотсап-топторун түзөт.

16.7. Жергиликтүү жамаатта болуп жаткан жагдайды терең билүү, өздөрүнө ашыкча жүк албоо үчүн Кичи кеңештин мүчөлөрү багыттар боюнча иш бөлүштүрүп алышат.

16.8. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын пикири, сунушу, макулдугу зарыл болгон учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруп жаткан иш чараларына толук курамы менен катышат, кызыкчылыгына жараша аймактык коомдук башкаруулардын, айылдардын, кварталдардын жана көчө комитеттеринин элин катышууга чакырат. Иш-чараларына катышуу тууралуу кезектеги курултайда билдирүү берет.

16.9. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын уставынын жол-жоболорун түшүндүрөт жана жамааттын арасында таратат, уставдын сакталышына, аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзөт.

16.10. Кичи кеңеш Кыргызстандын шаарларындагы жана чет өлкөлөрдөгү жердештик коомдор менен байланыш түзөт жана алардын мүчөлөрүн, ыктыярдуу каражаттарын айыл аймагын өнүктүрүүгө тартат.

 

17. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындары (чогулуштары)

17.1. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында бир көчөнүн/бир кварталдын айыл аймагынын бөлүгүндө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйыны (чогулушу) өткөрүлөт.

17.2. Жыйындарда (чогулуштарда) төмөндөгү маселелер каралат:

- жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору;

- айыл аймагын өнүктүрүүнүн программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлор;

- айыл аймагынын, кварталдын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аркеттердин планы;

- айылдык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтурбоо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү;

- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө;

- ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;

- турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көчөлөрдү, кварталдарды, айылдарды көрктөндүрүү;

 - аймакты куруунун башкы планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери;

- жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;

- айыл башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди кароо;

- жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын бир жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын угуу;

- айыл аймагынын территорияларынын чектеринде шаардын же айыл аймактарын, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, административдик борборун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, шаарды же айыл аймагын, айылдарды, көчөлөрдү атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды өзгөртүү;

- жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер.

17.3. Жыйындар (чогулуштар) шаардын же айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгечи топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо менен чакырылат.

17.4. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн жыйындар (чогулуштар) шаардын мэри же айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңеш же анын төрагасы тарабынан белгилеген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар адамдарга шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.

17.5. Жыйындарда (чогулушта) талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнөн түшкөн суроолорго, сунуштарга, сынпикирлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралат, алардын жыйынтыктары суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген жыйындын (чогулуштун) катышуучуларына жазуу жүзүндө маалымдалат.

17.6. Жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.

 

18. Жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү демилгелөөнүн, уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби

 

18.1. Жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүүнү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (демилгечи топтор), жергиликтүү кеңеш же жергиликтүү кеңештин депутаттары, шаардын мэри же айыл өкмөтүнүн башчысы демилгелей алышат.

18.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жыйынды (чогулушту) өткөрүү боюнча саны 11-15 адамдан кем эмес демилгечи топту түзүүгө укуктуу. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгечи топтун мүчөлөрүнүн мындан башка дагы саны белгилениши мүмкүн. Демилгечи топ шаардын мэрине же айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү кеңештин төрагасына чогулуш өткөрүү жөнүндө кайрылуу жөнөтөт.

18.3. Жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү демилгелеген кайрылуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- кароого киргизилип жаткан маселени (маселелерди), жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;

- иш-чарага катышуучуларынын божомолдуу санын (көчөлөрдүн, кварталдын, айыл аймагынын, айылдардын, айылдык аймактын);

- иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду;

- демилгечи топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтарды (алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган даректерин).

18.4. Кайрылуу шаардын айыл өкмөтүнүн башчысына же жергиликтүү кеңештин төрагасына келип түшкөн (катталган) күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.

18.5. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча шаардын мэри же айыл өкмөтүнүн башчысы жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аны өткөрүүдөн баш тартат.

Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысына жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.

18.6. Жыйынга (чогулушка) эгерде ага тийиштүү шаардын же аймактын (көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын, айылдардын) шайлоо укугуна ээ болушкан жашоочуларынын ___ пайызы катышса, же жыйынга (чогулушка) чакырылгандардын ___ пайызы катышса, жыйын (чогулуш) укуктуу болуп эсептелет. (Жыйындын (чогулуштун) укуктуулугун аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 40 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).

18.7. Тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдардын, айыл аймагынын, шаардын) жашоочуларынын, же чогулушту өткөрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, жыйын (чогулуш) катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө жылдырылат.

 

19. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ченем жаратуу (элдик) демилгеси

19.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем жаратуу (элдик) демилгесин көтөрүү укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем жаратуу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана жергиликтүү кеңешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.

19.2. Ченем жаратуу демилгесин ишке ашырууга чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.

19.3. Элдик ченем жаратуу демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында - шаарда же айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.

19.4. Ченем жаратуу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорлору жергиликтүү кеӊешке киргизилиши мүмкүн эмес.

19.5. Жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 7-11 адамдан турган демилгечи топту түзүшөт. Шаарда же айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгечи топтун мүчөсү боло алат (Демилгечи 18 топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).

19.6. Демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн керектүү санынын колу коюлгандыгын тастыктаган баракчаларды топтоп бүткөндөн кийин токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңешке киргизет.

Эскертүү

Жергиликтүү ченем жаратуу демилгесине укуктуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн саны Бишкек, Ош шаарларында 5000 адамды, калкынын саны 20001ден жана андан жогору шаарларда жана айылдык аймактарда 1000 адамды, калкынын саны 6001ден 20000 ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 600 адамды, калкынын саны 6000ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 300 адамды түзөт.

19.7. Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгечи топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясында кароо жөнүндө арыз менен жергиликтүү кеңештин төрагасына кайрылат.

19.8. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тиркелет:

- токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгечи топтун жыйналышынын протоколу;

- токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;

- маалымкат-негиздеме;

- жергиликтүү кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;

- төмөндөгү маалыматтар (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, жергиликтүү кеңешке демилгечи топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу) камтылган кол коюу барагы.

19.9. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана жергиликтүү кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгечи топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.

19.10. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңеш тарабынан каралууга жатат.

19.11. Жергиликтүү жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, жергиликтүү кеңеш токтомдун долбоорун киргизүү жөнүндө үгүттөө жүргүзүүгө бөгөт болгон адамдар, ошондой эле документтерди, кол коюу барагындагы жарандардын колдорунун аныктыгын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.

 

20. Коомдук угуулар. Коомдук угууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби

20.1. Коомдук угуулар – калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, иликтөөгө катышуучулардан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.

20.2. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, калкка талкууланган маселе боюнча өзүнүн ой пикирин айтууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен суроого жооп алуугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз жумуштарынын сапаты жөнүндө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттануусу жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда өз иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп-түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

20.3. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына (шаардын мэриясына же айыл өкмөтүнө) жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

20.4. Коомдук угуулар офлайн жана онлайн формаларында уюштурулушу жана өткөрүлүшү мүмкүн. Коомдук угууну уюштуруу жана өткөрүү формасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт.

Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча коомдук угууларды онлайн формасында уюштуруу жана өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиниин ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгып колдонууга сунушталат.

20.5. Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер:

- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;

- өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

- муниципалдык менчикти башкаруу (муниципалдык жерлерди, объекттерди ж. б. сатуу, ижарага берүү, пайдалануу);

- ичүүчү жана сугат суу боюнча, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричилик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б. тарифтерди бекитүү;

- жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер. Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга бир гана маселени алып чыгуу сунушталат.

20.6. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төмөнкү учурларда милдеттүү түрдө өткөрүлөт:

- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелерди талкуулоодо;

- өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлорун талкулоодо (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

- муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясын долбоорун бекитүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүдө, мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү учурунда.

Кызмат көрсөтүүлөргө (ичүүчү суу, сугат суусу, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б.) тарифтерди бекитүү маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт.

20.7. Коомдук угуулар, эгерде ага өкүлдөрдүн, коомдук угууга чакырылгандардын ____ кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. (Коомдук угуунун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 70 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).

 

V. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери

21. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери

21.1. Жергиликтүү жамаат өзүнүн территориясында жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты камсыз кылуу, айылкыштактардын жана шаардын турмуш шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөнүн жана ар бир жашоочунун жыргалчылыгы болуусу, өзүн-өзү башкаруу коомун түзүү максаттарын көздөйт.

21.2. Жергиликтүү жамаат өзүнүн территориясында жашаган элдин мыкты салт-адаттарын сактайт, азыркы жашоонун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өркүндөтөт жана жайылтат.

21.3. Жамааттын күндөлүк турмушуна жана ишмердигине, жалпы жашоонун эрежелерин кабыл алууга жана кынтыксыз аткарууга катышуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талап коюу менен катар аларга көмөк көрсөтүү, мыкты жашоонун үлгүсүн түзүүгө, аймакты жана шаарды өнүктүрүүгө салым кошуу жергиликтүү жамааттын ар бир мүчөсүнүн ыйык парзы? Жамааттын толук кандуу жашоосунун негизги шарты болуп саналат.

 

22. Жергиликтүү жамаатты уюштуруунун жана активдештирүүнүн эрежелери

22.1. Формалдуу эмес жергиликтүү жамаат жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу бар жерде төмөнтөн (подъезд, үй, көчө, квартал) жогоруга (айыл, кичи район, конуш, айыл, айыл аймагы, шаар) чейин түзүлөт. Жамааттын ичиндеги мүчөлөрдүн ортосундагы өз ара мамилени өнүктүрүүдө жамааттын турмушуна катышуунун төмөнкү деңгээлинен (таанышуу, маалымат алмашуу жана таратуу) ортоңку деңгээлине (талкуулоо) анан жогорку деңгээлине (ишке тартуу жана кызматташтык) өтүү акырындык менен, диалог процессин жакшы пландаштыруу, аны чечим кабыл алуу процессине билгичтик менен жеткирүү ишке ашырылат.

22.2. Биринчи кадамда булар жасалат. Жамаатты түзүү үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн өздөрү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдына, көчөгө, кварталга чогултулуп, ал жерде мэриянын же айыл өкмөтүнүн кызматкери (же жигердүү жаран) таанышуу кечесин өткөрөт. Жашоочулар бир сыйра таанышып бүткөндөн кийин көп кабаттуу үйдүн, көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын жана шаардын көйгөйлөрү талкууланат, чечүүнү талап кылган маселелер аныкталат, аларды чечүүгө макулдугу бар ыктыярдуулар, активдүүлөр жана ишмердүүлөр аныкталып жазылып алынат.

22.3. Жаран өзү жашаган жерде жергиликтүү жамааттын мүчөсү болот, кызматтардан толук кандуу жана сапаттуу пайдалануу, комфорттуу (булганбаган таза айлана, ак-пейилдүү мамиле, коопсуз чөйрө, ж.б.) шартта жашоо үчүн анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына гана талап коюусу аздык кылат. Жаран бардык жамаатка керектүү шарттарды түзүүгө үзбөй катышуусу абзел.

22.4. Экинчи кадамда булар жасалат. Биринчи кадамда аныкталган демилгечилер, ыктыярдуулар, жигердүүлөр жана ишмердүүлөр экинчи жолугушууга чакырылат, алар менен жолугушууга иши жакшы жүрүп жаткан башка ушундай эле топтун өкүлдөрү чакырылат. Пикир алышуудан кийин алардын жашаган жерине барып иштери менен таанышуу жүргүзүлөт.

22.5. Үчүнчү кадамда булар жасалат. Флэш-моб өткөрүлүп биринчи эки жолугушууга катышкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн чогултулат, алардын катышуусу менен тазалоо-көрктөндүрүү же оңдоп-түздөө боюнча анча чоң эмес эмгек акциясы өткөрүлөт.

 

23. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери

23.1. Уставга Мыйзамда аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине кирбеген, кирсе дагы ишке ашыруу процедуралары татаал болгон, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин компетенциясына кирбеген маселелерди чечүү боюнча эрежелер киргизилет.

23.2. Ушул Уставда аныкталган Жергиликтүү жамааттын ички жашоотиричилигинин эрежелерин бузуу үчүн төмөндөгүдөй жаза чаралары колдонулат:

- эскертүү;

- коомдук уяткаруу;

- айып пул төлөө.

23.3. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин бузуу фактыларын каттоону (тариздөөнү), айып пулдарды өндүрүүнү жергиликтүү жамааттын кичи кенеши, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирдикте ишке ашырат.

 

24. Калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттуларды кармоонун жана багуунун эрежелери

24.1. Калктуу конуштарда жеке чарбада малды жана канаттуларды кармоо тартиби Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодекси, “Жаныбарларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Бишкек шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоонун эрежелери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-февралындагы № 36 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жайыт жерлеринде мал жаюу ченемин аныктоо тартиби жөнүндө Жобо менен жөнгө салынат. 24.2. Ар бир кожолук адамдар, мал арасында жугуштуу оорулардын таралышына жол бербөө максатында өз менчигиндеги малды, ит, мышыкты, канаттууну өз убагында каттоодон өткөрүүгө, ветеринардык кароодон өткөрүп турууга, тиешелүү эмдөөлөрдөн өткөрүп турууга, кой эчкилерди өз убагында күпкөөдөн өткөрүүгө милдеттүү. Айыл аймагындагы, шаардагы ар бир кожолук ээси жыл ичинде өзүнүн мал жандыгын жылына эки жолу дарылатып турууга милдеттенет.

24.3. Жамааттын мал кармаган ар бир мүчөсү өз менчигиндеги малды жайыт комитети жана айыл өкмөтү менен макулдашылган жазгы, жайкы жана күзгү жайыттарга, болгондо да чектелген мөөнөттөргө чейин кармоого милдеттүү.

24.4. Жаныбарларды жана канаттууларды көчөлөрдө, аянттарда, сейил бактарда, газондордо жана жарандардын эс алуу жайларында багууга болбойт. Ит жана мышык кожоюну менен бирге жипке байланган, мурун кап тагылган абалда болууга тийиш. Бул эрежелер аткарылбаган учурда алар кароосуз калган деп эсептелет.

24.5. Кароосуз калтырылган ит, мышык, кой, эчки, бодо мал, канаттуу зыян келтирсе (адамдарды, балдарды чочутса, мүлкүнө зыян келтирсе, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 124-беренесине ылайык, калктуу конуштарда жаныбарларды багуу эрежелерин бузуу үчүн эскертүү берилет же жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга (дыйкан чарбаларына) 170 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салынат.

24.6. Мал жандыктарды жайыт комитети жана айыл өкмөтү тыюу салган ички жайыттарга кармоого, алыскы жайыттарга белгиленген убактан кеч көчүүгө, күзүндө эрте көчүп келүүгө болбойт. Ээси жок аңызга кирген мал кароосуз калтырылган мал деп эсептелет, убактылуу кармоочу жайга айдалып барып киргизилет.

24.7. Кароосуз бош жүргөн малды болтурбоо үчүн ар бир айылда бада же кезүү уюштурулат. Эгин жана чөп чабынды, үлүш жерлерге түшкөн мал үчүн ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 238-беренесине ылайык, айдоо жерлерин атайын же этиятсыздык менен тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учуратуу үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салынат.

 

25. Калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүнүн жана пайдалануунун эрежелери

25.1. Туруктуу негизде же убакыттын кайсы бир учурунда чектелбеген сандагы адамдардын пайдалануусу үчүн арналган территория, мейкиндик, бөлмө коомдук жер деп аталат. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер – пайдалануу (ал жакта жүрүү, болуу) үчүн коомчулукка жеткиликтүү болгон, чек аралары жана атайын юридикалык статусу бар жерлер.

25.2. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге жолдор, көчөлөр, тротуар, сквер, бульвар, парк, аянт, таштанды чогултуучу жерлер, көп кабаттуу үйлөрдө подъезддер, үйдүн айланасындагы жерлер, лифттер, чердак жана подвал, көлмөлөр, пляждар, сугат арыктары кирет.

25.3. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүгө, сактоого жергиликтүү жамаат кол кабыш кылат.

25.4. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлердин чек аралары так аныкталып, чек белгилери коюлат.

25.5. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди менчикке сатууга тыюу салынат.

25.6. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге убактылуу соода, коомдук тамак-аш орундарын жайгаштырууга уруксат берилиши мүмкүн.

25.7. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер өзүнүн арналуу багытына жараша пайдаланылат.

 

26. Калктуу конуштарда жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы сугат суусун колдонуу эрежелери

26.1. Жергиликтүү алдынча башкаруу органдары калкты сугат суусу менен камсыз кылууга милдеттүү.

26.2. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 2-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жеке адамдары, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде жарандыгы жок адамдар суу пайдалануучулар болуп эсептелет.

26.3. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, суу ресурстарын пайдалануу сууну чарбалык участокторду (огород, там арка) сугаруу үчүн пайдалануу, сугатка жана малды сугарууга пайдалануу маселелерин да камтыйт.

26.4. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 161-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Айыл өкмөтү суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) менен бирдикте бул максатта сугат суусун бөлүп берет, жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши менен макулдашып, сугат суусун пайдалануунун убактысын жана кезектүүлүгүн бекитет, анын аткарылышын камсыз кылат.

26.5. Сугат суусун коромжусуз сапаттуу жана эсеби менен пайдалануу үчүн коомдук башталышта же суу пайдалануучулардын эсебинен ылайыктуу акы алып иштөөчү, айыл өкмөтү же (СПА) же жамаат тарабынан дайындалуучу жана көзөмөлдөнүүчү мирабдын кызматы киргизилет.

26.6. Сууну максатка ылайыксыз жана сарамжалсыз пайдалануу (көзөмөлсүз сугаруу, жолго, кошунасынын огородуна чыгара жайып сууга жедирип зыян келтирүү, сууну сугарып бүткөндөн кийин башын бекитип бурбай таштап коюу) суу пайдалануу эрежесин орой бузуу болуп эсептелет жана суу пайдалануучунун айып төлөөсүнө алып келет. Аны үч күндүн ичинде жоюу боюнча чараларды көрбөө, айып пулун төлөбөө Абоненттин суу пайдалануу укугун чектөөгө алып келет.

26.7. Турак үйлөрдүн территориясынын сугат суусунун арыгы өтүүчү бөлүгү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык коомдук сервитутта (ээсинин чектелген пайдалануусунда) турат. Ошондуктан өзүнүн территориясы менен агып өтүп жаткан сугат суусун чектөө (буруп алуу, бууп коюу) укук бузуу болуп эсептелет, тоскоолдук токтоосуз жөнгө салынышы керек жана ал үчүн айып пул салынат.

27. Калктуу конуштарда жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы ичүүчү сууну колдонуу эрежелери

27.1. Ичүүчү сууну колдонуу маселеси “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

27.2. Жергиликтүү алдынча башкаруу органдары калкты ичүүчү суу менен стандарттарга жана санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык камсыз кылууга милдеттүү.

27.3. Калкты ичүүчү суу менен суу менен жабдуу ишканалары - шаарларда “Сууканал” ишканалары, айыл-кыштактарда Ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмелери абоненттик келишимдин негизинде жүргүзүшөт.

27.4. Ичүүчү сууну керектөөчүлөр суу менен жабдуу ишканаларынан ичүүчү суунун сапаты, анын стандарттарга, санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык келиши, ошондой эле ылайык келүү сертификаты жөнүндө так маалыматты талап кылууга укуктуу.

27.5. Ичүүчү сууну керектөөчү абоненттер төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү: 

27.5.1. өзүнүн эсебинен сатып алып ичүүчү сууну эсепке алуучу приборду (водомерди) пломбасы менен орнотууга, аны оң абалда кармоого, суу келүүчү түтүктөрдү, водомерди кышкысын тоңуп калып жарылуудан сактоого, ал үчүн жылуулоого;

27.5.2. водомердин көрсөткүчү боюнча керектелген суу үчүн тиешелүү жерге акы төлөп турууга;

27.6. Суунун сапатынын адамдардын саламаттыгына коркунуч келтиргендигин ырастаган айрым көрсөткүчтөр боюнча ылайык келбөө аныкталган учурда, суу менен жабдуу ишканалары жана аларды көзөмөлдөөчү органдар бул тууралу сууну керектөөчүлөргө келип чыккан коркунучту болтурбай кое турган этияттык кылуу чаралары жөнүндө маалымат берүү менен массалык маалымат каражаттары аркылуу токтоосуз түрдө кабарлоого тийиш.

27.7. Калкка жөнөтүлүүчү ичүүчү суунун сапаты жөнүндө маалыматты өз убагында бербегенде же бурмалап бергенде, өз убагында толук жана так маалымат берүүдөн баш тартканда, сууну керектөөчүлөр чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун пайдалануунун эрежелерин сактабаганда жана ал калкты суу менен камсыз кылууну начарлатууга алып келгенде же ушул тутумдарды пайдаланган ишканаларга зыян келтиргенде Мыйзамдарда жоопкерчилик каралган.

27.8. Жогорудагыдай укук бузуулар үчүн айып пулдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун атайын ыйгарым укук берилген органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынат.

 

28. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына катышуунун эрежелери

28.1. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жашаган жеринде жарандардын руханий, физикалык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жүзөгө ашырылуучу, жарандардын көп бөлүгүнүн катышуусу менен ишке ашырылуучу аракеттердин же коомдук турмуштун кубулуштарынын жыйындысы, ошондой эле адамдардын ортосундагы социалдык байланыштын формасы жана инсандын, коллективдин жана жалпы коомдун биримдигинин мамилелерин өнүктүрүүнүн жолу болуп эсептелет.

28.2. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына ишембиликтер же башка эмгек акциялары, маданий-массалык иш чаралары (фестивалдар, майрамдар, анын ичинде диний майрамдар, концерттер, көргөзмөлөр, жарманкелер ж.б.), спорттук-массалык иш чаралары (спартакиадалар, спорттун түрлөрү боюнча мелдештер ж. б.) кирет.

28.3. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жыйындарда, чогулуштарда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айтышкан сунуштарды, жергиликтүү жамаатты кеңири тааныштыруу, бириктирүү жана ынтымакташтыруу боюнча зарылчылыктарды, өлкөдө, облуста, шаарда, райондо болуучу иш чараларды эске алуу менен, айыл өкмөтү/шаардын мэриясы менен макулдашылып, алдын-ала 1 жылга түзүлөт. Шартка жараша планга өзгөртүүлөр киргизилет.

28.4. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында өткөрүлүүчү ишчаралары тууралуу (максаты, өткөрүү убактысы, өткөрүү орду, катышуучулардын контингенти ж.б.) кабар уюштуруучулар (жергиликтүү жамааттын демилгечи тобу, айыл өкмөтү/шаардын мэриясы, ж.б.) тарабынан кулактандырууларды илүү, уотсап-топторду түзүү ж.б. жолдор аркылуу жамаатка жеткирилет.

28.5. Ишембиликтер жана эмгек акциялары көпчүлүктүн кызыкчылыгында уюштурулган расмий иш-чара болуп саналат. Алардын максаты жеке эле 25 адамдардын жашаган жериндеги аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү, сугат суу каналдарын жана арыктарды, социалдык объектилерди оңдоого кол кабыш кылуу эмес, жаранды жамааттын ичинде болууга, жалпы пайдаланылуучу нерселерди түзүүгө адилеттүүлүк менен теңчилик болгондой катышууга шарт түзүү болуп эсептелет.

28.6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тазалоо-көрктөндүрүү, оңдоптүздөө, ден соолуктуу жана ынтымакты чыңдоочу ар кандай иш-чараларына сөзсүз катышат, убактысы болбогондо, макулдашуу менен үй бүлө мүчөлөрүн иштеп жаткан топко кошушат, же акча-каражатын/тамак-ашын чыгаруу менен компенсациялашат.

 

29. Калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого катышуунун эрежелери

29.1. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди коомдук бирикмелер, эмгек жамааттары, ошондой эле ички иштер органдарынын ишине көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн коомчулуктун кошундары менен өз ара аракеттенип ишке ашырышат.

29.2. Ички иштер органдарынын штаттык бирдиктери аз санда жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, жергиликтүү жамааттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте коомдук тартипти сактоого кеңири катышат.

29.3. Ар бир калктуу конушта ыктыярдуу башталышта ар биринин курамы 10-15 адамдан турган коомдук тартипти сактоо боюнча 5-6 элдик дружина түзүлөт. Дружина түзүүнү чечкен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушунда бул тууралуу чечим кабыл алынат, дружинанын аты бекитилет, дружинанын командири, командиринин орун басары шайланат.

29.4. Айылдык кеңеш элдик дружинаны каттайт, ички иштер органдары менен бирдикте элдик дружинанын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана повязка менен камсыз болууга көмөк көрсөтөт.

29.5. Элдик дружинанын командири дружинанын маршруттарын жана рейдге чыгуусунун графигин иштеп чыгат, ал боюнча дружинанын мезгилдүү – жай кезде дем алышына 1 жолу, чукул кырдаал болгондо абал тынчыганча күнүгө патрулга чыгуусун уюштурат.

29.6. Элдик дружина ички иштер органдарынын кызматкерлери, аксакалдар соту менен бирдикте иш алып барат, криминалдык кырдаал тууралуу маалыматтарды аларга билдирип, алардан да маалымат алып турат.

 

30. Жергиликтүү жамааттын ичинде ийкемдүү мамиле, жашоого жагымдуу маанай, тынчтыкты жана коомдук биримдикти түзүү үчүн жергиликтүү жүрүш-туруштун, адеп-ахлакты бекемдөөнүн, мыкты салтадатты сактоонун жана өнүктүрүүнүн мыйзамдарда аныкталбаган тартибин аныктоонун жана бекитүүнүн эрежелери

30.1.1. Мыкты каада-салттарды, үрп-адаттарды сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу жергиликтүү жамааттын ичинде ийкемдүү мамилени (адамдардын бири-бирине, үй-бүлөгө жана коомго болгон мамилелериндеги мээримдүүлүк), жашоого жагымдуу маанайды түзүүнүн, жергиликтүү деңгээлде тынчтыкты куруунун, адеп-ахлакты бекемдөөнүн, улуттук баалуулуктарды (мекенчилдик, боорукердик, кайрымдуулук, айкөлдүк, меймандостук) сактоонун жана даңазалоонун, жергиликтүү жүрүм-турумду калыпка салуунун каражаты катары колдонулат. 

30.1.2. Этностун, улуттун тубаса өзгөчөлүгүн сактап калууга жөндөмдүү жаңы муунду тарбиялоо, жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликтүү болууга, ата-эне, эл-журт алдында милдетти сезе билүүгө, улууларды сыйлоого ж.б. жакшы сапаттарга тарбиялоо жамааттын негизги милдеттеринин бири болуп эсептелет.

30.1.3. Коомдук жайлардагы жүрүш-туруштун эрежелери (тартиби) коомдогу адамдардын ыңгайлуу жанаша жашоосун жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга багытталган. Адептүүлүктүн жана этикеттин стандарттары - ар кандай кырдаалдар үчүн бирдиктүү жүрүм-турум эрежелери. Бул ченемдерди ар кандай кырдаалдар үчүн түшүнүү, боюна сиңирүү жана аларды туура колдонуу адамдын жалпы маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

30.2. Жергиликтүү жамаатта өз аймагында калыптанып калган жүрүмтурум практикасын эске алуу менен саламдашуу адеби акырындык менен жөнгө салынат. Адамдардын, айрыкча жаштардын арасында «Салам бериш - карыз, алик алыш - парыз», «жашка, мансапка, бирөөгө көз карандылыкка карап салам берилбейт, салам баары үчүн бирдей болот», «бир күн туз таткан жериңе миң күн салам бер», «жашы кичүүлөр жашы улууларга озунуп салам айтат», «топко улуу кишилер салам айтып кирип келсе, кичүүлөр ордунан туруп алик алат», «кыргыз салтында өбүшүп учурашуу жок», «жаш балдарды, кыздарды улуу адамдар учурашуу учурунда чекесинен өөп койсо болот», «атчан киши жөө кишиге, улоодо, же кыймылда бараткан адам токтоп турганга, жаштар улууларга, жамаатка кирип келген киши ал жердегилерге салам айтат» деген эрежелерди түшүндүрүү жана аткарылышына жетишүү ишке ашырылат.

30.3. Адамдардын, айрыкча жаштардын арасында коомдук жайда жүргөндөгү жүрүм-турумдун адеби - орду менен сүйлөө, айланадагылар менен сылык мамиледе болуу, какырынып-түкүрунүп айлананы булгоо, жаман, орой жана уят сөздөрдү айтуу адамдын тарбиясыздыгы экендиги, маданияттуулук жашоону алда канча жеңилдете тургандыгы түшүндүрүлот, аны ишке ашырууга жетишилет.

30.4. Шаарда, башка калктуу пункттарда саат 23.00дөн 07.00гө чейинки аралыкта жеке жана юридикалык жактарга үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген эң жогорку чегин бузууга, анын ичинде үндү кайра чыгаруучу жана күчөтүүчү түзүлүштөрдү колдонуу менен төмөнкү жерлерде “жымжырттык режимин” бузууга тыюу салынат:

- көп кабаттуу үйлөрдө, турак жайларда, турак жайларда жана жалпы пайдалануудагы жатаканаларда;

- чектеш аймактарда, турак жай кичи райондорунун аймактарында жана турак жай имараттарынын топторунда;

- билим берүү, медициналык уюмдардын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык, санаториялык-курорттук кызматтарды, жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана болуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын имараттарында жана аймагында.

30.5. Адеп-ахлакты бекемдөө, мыкты каада-салтты, үрп-адатты сактоо жана өнүктүрүү жарандардын керектөөлөрүн канааттандыруунун гана шарты болбостон, жамааттын ички биримдигин бузуп, конфликттерге – чыр-чатактарга алып келүүчү жат аракеттерге каршы туруунун куралы, жамаатта моралдыкэтикалык биримдикти жана тилектеш жашоону орнотуунун каражаты болуп эсептелет. Жалпы жамаат биримдик-ынтымакка келиш үчүн максат-тилек, карманган баалуулуктар негизинен бир багыттуу болушу керек.

30.6. Шаардын/айыл аймагынын жамааты достук этикасын – бүгүнкү улут аралык ынтымактын ачкычын: “Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз”, “Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат”, “бул менин өлкөм, менин Ата журтум”, “бала-бакырамдын келечеги, бак-таалайы ушул жер, ушул эл менен байланыштуу”, “ушул өлкөнүн туусу, герби, гимни жана деми менен жашайм” эрежелерин жетекчиликке алышат.

30.7. Шаарда/айылда жылына бир жолу «Айыл аймагынын күнү» өткөрүлөт. Иш чараны жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши, демилгечи жарандар демилгелеп, даярдап өткөрүшөт. Майрамда ушул жылы үйлөнгөн айыл аймагынын жигиттери жана турмушка чыккан айыл аймагынын кыздары, 60-, 70-, 80-, 90-, 100-жашка чыккан ардагерлер, чоң спорттук, маданий, илимий жеңишке жетишкендер жана башка белгилүү инсандар, айыл аймагынын жетишкендиктери, шаардын/айыл аймагынын келечектеги өнүгүүсү тууралуу айтылат, жергиликтүү калк ичинен чыккан таланттар концерт беришет.

30.8. Айылда жылына бир жолу мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн «акыркы коңгуроо» күнүндө 60-, 70-жашка чыккан ардагерлер, айыл аймагынын мыкты адамдары шаар/айыл бийиктен обзор болуп көрүнгөн бийик жерге чыгып, жаштарга айыл аймагынын мындан аркы тагдырын, келечегин курууну эстафета катары тапшырып беришет. Бул күнү ушул шаардын/айыл аймагынын ийгиликке жетишкен окумуштуу, илимпоз, кадырлуу ардагерлери сыяктуу инсандары кантип максатына жеткендиги, ал үчүн канча мээнет короткондугу тууралуу айтып берүү менен келечек жаш муундарга дем беришет.

30.9. Типтүү уставдын ушул бөлүмүндөгү эрежелерди аткарбоо үчүн жазалоо каралат.

 

31. Үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн эрежелери

31.1. Айыл аймагынын жамааты баланын төрөлүшү, кыз берүү, келин алуу, кудалашуу, конок күтүү, тартуу берүү сыяктуу үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнү, күндөлүк жашоо-тиричилик, кийим-кечек, тамак-аш ж. б. байланыштуу эң маанилүү, эң негизги салт-адаттарды калыбына келтирүүнү, заманга жараша жаңылоону, акырындык менен жайылтат (жалпы колдонууга киргизет).

31.2. Үй бүлөлүк салтанаттардын кайсы түрлөрүн кандай тартипте өткөрүүнүн эрежелери алдын ала жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бул маселе боюнча пикирлерин сурап билүү, иликтөө менен башталып, ыгы жок шаңдануучулукка жана мактанычка жол бербөө тууралу ата-баба жөрөлгөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.

31.3. Мыйзамдарда жана Президенттин Жарлыктарында каралган ысырапкорчулукка жол бербөө талаптарын, жергиликтүү же башка жамаатардын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн убагы, орду, узактыгы, катышуучу адамдардын жана колдонулуучу автоунаалардын, союлуучу малдын жана берилүүчү белектердин жана тартуулардын түрү жана көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан белгиленет.

 

32. Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнүн эрежелери

32.1. Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнүн эрежелери алдын ала жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бул маселе боюнча пикирлерин сурап билүү, иликтөө менен башталып, ыгы жок шаңдануучулукка жана мактанычка жол бербөө тууралу ата-баба жөрөлгөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.

32.2. Маркумга байланышкан иш чараларына сөөк коюу, кыркылык берүү, аш берүү кирет. Мыйзамдарда жана Президенттин Жарлыктарында каралган ысырапкорчулукка жол бербөө талаптарын, жергиликтүү же башка жамаатардын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен жогоруда аталган иш чараларын өткөрүүнүн убагы, орду, узактыгы, союлуучу малдын жана берилүүчү белектердин жана тартуулардын түрү жана көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан белгиленет.

 

33. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүнүн эрежелери

33.1. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелер, анын ичинде жамааттын ички жашоо-тиричилигинин маселелери боюнча ар кандай коллективдүү пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды талаштарды чечет.

33.2. Пикир келишпестик, чыр-чатак деп жогорудагы көрсөтүлгөн маселелер боюнча дал келбеген максаттары бар же бар деп ойлошкон экиден ашык тараптардын ортосундагы мамиле түшүнүлөт.

33.3. Пикир келишпестик менен чыр-чатактардын себеби ресурстардын жетишсиздиги, кызыкчылыктардын айырмачылыгы, ар түрдүү баалуулуктарды тутунгандык, маалыматтын жетишсиздиги, адамдын керектөөлөрүн канааттандырбоо же тебелеп-тепселөө, жана башкалар болушу мүмкүн. Пикир келишпестиктер менен чыр-чатактар деструктивдүү (абалдын туруктуулугун бузуучу) гана болбостон конструктивдүү (көйгөйдү чечүүнүн жаңы жолун сунуштоочу, абалды турукташтыруучу) да болот.

33.4. Жамааттын эки-үч тобунун (эки көп кабаттуу үйдүн, эки көчөнүн, эки кварталдын, эки айыл аймагынын жашоочуларынын) ортосунда пикир келишпестик, чыр-чатак келип чыкканда аны чечүүчү топко (калыс топ) ушул топторго кирбеген аксакалдар сотунун, карыялар кеңешинин, жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөтүнүн, мэриянын, аялдар кеңешинин, жаштар кеңешинин, жергиликтүү жамааттын кичи кеңешинин өкүлдөрү кирет.

33.5. Калыс топ талашып жаткан топтордун жүйөөлөрүн кезеги менен угат, аларга эл көзүнчө бири-бирине суроо бердирип-жооп алдырат. Андан соң калыс топтун ар бир мүчөсү кезеги менен жашы кичүүсү мурда, анан улуулата пикирин айтышат, аягында жашы улуусу бүтүм чыгарат. Эгерде талашкан топтор калыс топту талашты чече алган жок десе, анда калыс топ өздөрүнчө жашыруун кеңешип, бир бүтүм айтат.

Талашкан тараптар макул болбосо жаңы калыс топ түзүлөт да ушундай эле тартипте иш алып барат.

 

34. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка эл тарабынан шайлануучу коомдук түзүмдөрдүн отчетторун угуунун эрежелери

34.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн, алардын көзөмөлү жана жетекчилиги алдында иштөөчү көптөгөн комиссиялар, жамааттын мүчөлөрү тикелей шайлаган же өздөрү түптөгөн көптөгөн коомдук уюмдар бар. Алардын максаты, иштөө тартиби, эл алдында отчет берүүсүнүн мезгилдүүлүгү алар жөнүндөгү мыйзамдарда жана жоболордо каралган.

34.2. Жергиликтүү жамаат (кичи кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, элдин пикирин эске алуу менен, ушул Уставда каралган түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдардын жетекчилери менен макулдашып, жарым жылдын (жылдын) аягына туштап, отчет угуу күндөрү өтө жыш же сейрек болбогондой кылып, отчетторду өткөрүүнүн убагын белгилейт, түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдардын жетекчилерин, элди алдын-ала кабарлайт.

34.3. Отчетторго элди чакыруу учурунда эң башкысы келген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү бардык территориялардан өкүл болгондой, кийинки отчеттордо башка адамдар келгендей, отчет уккан адамдар үйүнө барганда тегерегиндегилерге маалымат бергендей кылып уюштуруу зарыл.

34.4. Отчетторду уккандан кийин алар боюнча суроолор берилип, талкуулоо жүргүзүлүп, «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмсс» деп баа берилет.

 

VI. Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери

 

35. Жергиликтүү жамааттын башка жергиликтүү жамааттар менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери

35.1. Коңшулаш ынтымакта жашоон, муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүргүзүү, айыл чарба жана жайыт жерлерин, чарбалар аралык каналдарды пайдалануу жана оңдоп-түзөө, жана башка маселелер боюнча, зарыл болгон учурда же өз демилгеси боюнча, жергиликтүү жамаат аймагы чектешкен же чектешпеген башка жергиликтүү жамааттар менен алакаларды жүргүзө алат.

35.2. Башка жергиликтүү жамааттар менен алакаларды жүргүзүүнүн тартиби ушул уставдын жана алакалашып жаткан жергиликтүү жамааттардын уставына, макулдашылган жазуу жүзүндөгү же оозеки келишимдик шарттарга ылайык жүргүзүлөт.

 

36. Жергиликтүү жамааттын жарандык коомдун түзүмдөрү менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери

36.1. Жергиликтүү кызыкчылыкты коргоп, ал үчүн күрөшкөн жергиликтүү жамааттан айырмаланып жарандык коомдун түзүмдөрү жеке адам менен мамлекеттин, жеке жана мамлекеттик кызыкчылыктардын ортосундагы бириктирүүчү байламта болуп, алардын иш жүргүзүү аймагы өздөрү түзүлгөн жергиликтүү жамааттын территориясы менен чектелбейт.

36.2. Жергиликтүү жамааттар өз аймагында түзүлгөн же башка жакта түзүлүп, бирок өз аймагында иш жүргүзүп жаткан жарандык коомдун түзүмдөрүнүн - айрым топтордун укуктарын коргоо боюнча бирикмелердин, кызыкчылыктар боюнча бирикмелердин, кайрымдуулук уюмдарынын, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо ассоциацияларынын жана өнүгүү уюмдарынын ичинен өз максаттары дал келгендери менен байланыш түзүшөт жана тыгыз иш жүргүзүшөт.

36.3. Консультацияларды өткөрүү, маалымат алмашуу, социалдык маселелерди чечүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иликтөөизилдөө иштери боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуунун негизги формалары болуп саналат.

36.4. Жарандык коомдун түзүмдөрүнүн бардык пайдалуу демилгелерин колдоо, алардын жергиликтүү жамааттагы ыктыярдуулукту, маанилүү иштерди аткаруудагы уюмдашуучулукту жана ишкердүүлүктү арттыруусуна басым жасалат.

 

37. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизүүнүн жана сакталышын көзөмөлдөөнүн тартиби

37.1. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизүүнүн алдында эрежелер жамааттын бардык мүчөлөрүнө кеңири түшүндүрүлөт.

37.2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин жамааттын мүчөлөрүнө кеңири түшүндүрүү, аларды колдонууга киргизүүнү уюштуруу, колдонуунун жүрүшүндө пайда болгон суроолорго жооп берүү жана көйгөйлөрдү чечүү, эрежелердин аткарылышына жана сакталышына көзөмөл жүогүзүү үчүн шаардын/айыл аймагынын бөлүктөрү боюнча курамында ардагерлер, жамааттын компетентүү жана ыктыярдуу мүчөлөрү, коомдук уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, диний жамааттын расмий өкүлдөрү ж.б. болгон атайын топтор түзүлөт.

37.3. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери боюнча атайын топтордун иштөө тартиби топтордун мүчөлөрү тарабынан аныкталат, зарылчылык пайда болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылат.

 

VII. Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча уюмдашышынын экономикалык – чарбалык негиздери

 

38. Жергиликтүү жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондусу

38.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштардагы сунуштарынын негизинде жергиликтүү бюджетке көз карандысыз каражатка ээ болуу, жамааттын Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондун түзүү үчүн жамааттын мүчөлөрү ыктыярдуу өздөрүнө өздөрү салык салуу жолу менен жылына бир жолу 500-5000 сом өлчөмүндө акчалай салым кошушат.

Жамааттын мүчөлөрүнүн өздөрүнө өздөрү салык салуу маселеси айыл аймагынын/ шаардын бүтүндөй жамаатынын, айыл аймагынын же шаардын кварталдарынын, көчөлөрүнүн, көп кабаттуу үйлөрүнүн, үйлөрдүн подъездеринин жашоочуларынын чогулуштарында, жыйындарында талкууланып чечилет.

38.2. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондуна андан сырткары жамааттын мүчөлөрү, жамаатка кирбеген жеке жарандар, юридикалык жактар салым кошо алышат.

38.3. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонду «Коомдук фонд» катары коммерциялык эмес уюм катары мамлекеттик каттоодон өтөт жана мыйзамга ылайык аракеттенет.

38.4. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондунун каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча долбоорлорго жана кайрымдуулук иштерине жумшалат.

38.5. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча долбоорлор жамааттын мүчөлөрү тарабынан ар түрдүү багыттар боюнча, анын ичинде ишкерчиликке (Бизнес-Инкубатор), пайдалуу өнөргө жана кесипке үйрөтүү, жамааттын мүчөлөрүн атуулдукка, адеп-ахлакка тарбиялоо боюнча иштерге арналат.

38.6. Долбоорлор «Коомдук фонд» түзгөн, курамына абройлуу адистер, жергиликтүү кеңештин депутаттары кирген конкурстук комиссия тарабынан каралат. Конкурстук комиссия жактырган долбоорлор «Коомдук фонд» тарабынан каржыланат.

 

VIII. Корутунду жоболор

 

39. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары

39.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

- алкыш жарыялоо;

- баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;

- грамоталар менен сыйлоо;

- “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу;

- жамааттын Ардак тактасына илүү;

- жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;

- “Шаардын артактуу жараны” наамын ыйгаруу;

- “Айыл аймагынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;

- “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.

39.2. Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу томөнкү тартипте жүргүзүлөт:

- жамааттын мүчөлөрүн сыйлоого көрсөтүү демилгеси жашоочулардын жыйынына (чогулушуна), аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, шаар мэрине, шаардын администрациялык районунун башчысына, айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, жергиликтүү кеңештин төрагасына таандык;

- алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл”, “Үлгүлүү шаар” ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим шаар мэрине же айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынат;

- Ардак тактасына илүү, Ардак китепчесине киргизүү, “Шаардын артактуу жараны”, “Айыл аймагынын ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечим шаар мэринин же айыл өкмөт башчысынын сунуштамасы боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат.

39.3. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал шаардын же айылдык аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн жергиликтүү кеңештин чечими менен берилет. Жергиликтүү кеңеш “Шаардын артактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.

 

40. Жергиликтүү жамааттын Уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн. 

 

41. Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана өзгөртүүнүн тартиби

41.1. Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору шаар мэринин же айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.

41.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:

 - жергиликтүү кеңештин төрагасы;

- айыл өкмөтүнүн башчысы;

- жергиликтүү кеңештин депутаттары;

- айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;

- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (тийиштүү шаарда же айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);

- коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (ӨЭУ, КУ, КФ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка шаарда же айылдык аймакта иш алып барган уюмдар).

(Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн).

41.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же жергиликтүү кеңештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана жыйындарга (чогулуштарга) же жергиликтүү жамааттын курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте айыл өкмөтү уюштурат.

41.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле жыйындын (чогулуштун) катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

41.5. Шаар мэри же айыл өкмөтүнүн башчысы Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин жергиликтүү кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизет.

41.6. Жергиликтүү кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.

41.7. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмес сандагы мүчөлөрү же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес сандагы тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан демилгелениши мүмкүн.

41.8. Жергиликтүү жамааттын Уставы аны (Уставды) бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому тийиштүү расмий булактарда жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсү Уставдын текстин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.

 

 

 

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Бириккен Курманжан Датка айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Бириккен Курманжан Датка айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясынын
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№1


22-февраль 2024-жыл

Бириккен Курманжан Датка айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону жетекчиликке алып,

токтом кылат:

  1. Бириккен Курманжан Датка айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 22-февралындагы  №1 протокол бекитилсин.
  2. Курманжан Датка бириккен айыл аймагынын Курманжан Датка айылдык кеңешинин Абдыкадырова Зина Дарбановна шайланган төрагасы деп таанылсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага:
А.Аматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

“Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш



ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№2


22-февраль 2024-жыл

“Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Курманжан Датка айылдык кенеши

токтом кылат:

1. Коңур-Дөбө жана Кабылан-Көл айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши болуп кайра түзүлсүн. Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: "Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши " мекемеси; - Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Курманжан Даткинского айылного аймака" Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: "Курманжан Датка  айыл аймагынын айылдык кеңеши" м-и.

- Расмий тилде: У-е "Айылный кенеш Курманжан Даткинского айылного аймака"

2. Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.

3.Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Алай району,Боз-Караган айылы, Боз-Караган 2 көчөсү № 5 болуп аныкталсын.

4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Буйрукта көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат. 

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

«Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш



ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№3


22-февраль 2024-жыл

«Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Курманжан Датка айылдык кенеши

токтом кылат:

1. «Коңур-Дөбө айыл өкмөтү» мекемеси жана «Кабылан-Көл » айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен «Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот Курманжан Даткинского айылного аймака"                                              

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү»         М-и.

- Расмий тилде: У-е "Айыл окмот Курманжан Даткинского айылного аймака".

2.  «Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин.

3.  «Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу,Алай району,Боз-Караган айылы,            Боз-Караган 2 көчөсү № 5 болуп аныкталсын.

4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат. 

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн Регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 2-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№2/1


05-апрель 2024-жыл

Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн Регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндөгү” №233 токтомуна жана №153 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

1.  Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн Регламенти бекитилсин.

 

2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу бардык мекемелерге бекитилген регламентти жетекчиликке алуу жеткирилсин.

 

3.Регламенттин Жоболору менен кынтыксыз иш алып барууну уюштуруу Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж. Орозбай уулуна жана жооптуу катчысына жүктөлсүн.

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин түзүлгөн туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 2-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№2/2


05-апрель 2024-жыл

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин түзүлгөн туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү “Мыйзамынын 3-главасынын 36-беренесинин 1-3-пункттарынын негизинде Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

1. Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин түзүлгөн туруктуу комиссияларынын курамы бекитилсин.

 

2.Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

1) А. Исаев                                              4) М. Сарбашов                   7) М. Сактанов

2) С. Акимкулова                                   5) Б. Акылбеков

3) Г. Омаркулова                                    6) Д. Эркебаева

 

3.Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамы:

1) Г. Разакулова      4) Г. Па            йзиева              7) А. Абдымомунова

2) О. Камилов         5) У. Пасаңов

3) Ж. Бекмуратов    6)А. Сатарова

 

4.Агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын курамы:

1) Т. Бегматов     4) С. Келдиев                          7) Б. Турганов

 2) К. Эргешов     5) Э. Абеков                            8) Ч. Дүйшөбаев

3) Б. Сарыков     6) Ж. Абдыкадыров

 

5.Мыйзамдуулук, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамы:

  1. К. Усенбекова               4) А. Амираев
  2. Т.  Пасаңова                   5) С. Матиева
  3. Ж. Тажиков

 

6.Токтомдун аткарылышын көмөлгө алуу өзүмүн көзөмөлүмө калтырамын.

 

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын кварталдарына карата түзүлгөн перспективалык иш планын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 2-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№2/3


05-апрель 2023-жыл

Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын кварталдарына карата түзүлгөн перспективалык иш планын бекитүү жөнүндө

Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын кварталдарына карата түзүлгөн перспективалык иш планын карап чыгып,талкуулап Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын кварталдарына карата түзүлгөн перспективалык иш планы бекитилсин (иш план тиркелет).

 

  1. 2024-жылга түзүлгөн перспективалык иш пландын кварталдарындагы коюлган иш-чаралардын аткарылышына жетишүү кеңештин төрайымына жана тиешелүү туруктуу комиссиялардын курамдарына тапшырылсын.

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

БЕКИТЕМ

Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин

2024-жылдын “05”- апрелиндеги

№ 2/3 токтому менен

  ____________________З. Д. Абдыкадырова

 

Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылга  Типтүү иш планы

 

№ п\п

Айылдык кеңештин сессиясында каралчу маселенин аталышы

 

 

 

Сессия өтчү күн

Каралчу маселелер тууралуу кыскача маалымат

Жооптуу адам, аткаруучу (адис, мекеменин, уюмдун жетекчиси)

Бул маселе боюнча жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы

Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңеш кабыл алган чечим (тескеме, токтом);

Жарандардын ЖӨБгө катышуусунун формасы («ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 7-беренеси)

I квартал

 

1.

Инвестицияларды жана гранттарды тартуу

 

 

 

 

 

 

 

 

Январь

Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында эл аралык долбоордук уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен жүргүзүлгөн иштер боюнча АӨ башчысынын (бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдарды, демилгелүү топтордун, жамааттардын – макулдашуу боюнча) маалыматын угуу. Зарыл болгон учурда мониторинг жана баалоо тобунун ишинин жыйынтыктарын угуу.

АӨ башчысы, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын жетекчилери (макулдашуу боюнча) жана башка кызыкдар адамдар.

_______________ (инвестициялар жана гранттар маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт)

Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат.

Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому (кабыл алынган учурда) жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат.

Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун,  МжБ топторунун, демилгечи топтордун, донорлордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу.

2.

Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Февраль

20__-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча жайыт комитетинин отчетун угуу. Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасын угуу.

Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда):

- Жайыт пайдалануу үчүн акыны орнотуу тартиби жөнүндө жобо;

- 20__-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планы;

- Малдын башына жана түрүнө жараша жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын көлөмү;

- жайыт жерлерин башка максаттарда пайдалануу үчүн акынын көлөмү.

Жайыт комитетинин төрагасы, АӨ башчысы (же башчынын орун басары)

 

_______________ (агрардык жана жер маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт).

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

Жарандардын, жайыт пайдалануучулардын жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга АК сессияларына катышуусу.

3.

20___-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу

АӨ башчынын отчету

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Февраль

 

Айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу.

 

АӨ башчынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Айылдык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.

 

АӨ башчысы

________________ боюнча жооптуу туруктуу комиссия (айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясы боюнча аныкталган комиссия сессияда туруктуу комиссиянын корутундусу тууралуу баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт)

 

 

 

 

 

20__-жыл үчүн АӨ башчынын отчетун кабыл алуу. Айылдык кеңештин тескемесин кабыл алуу.

Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун,  МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу.

4.

АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Февраль

 

Келечекке пландын аткарылышы, АЖМФ жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу.

Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу.

АЖМФ жерлерин экономикалык жагымдуу жерлердин аймагынан түз берүү менен АА аймагында жашаган социалдык багыттагы субъекттердин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын тизмесин карап чыгуу жана бекитүү (зарыл болгон учурда).

АЖМФ жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин бекитүү (зарыл болгон учурда). Жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара акысын жана көлөмүн орнотуу.

АЖМФ жерлерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасынан жерлерди жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарууга багытталган каражаттын көлөмүн бекитүү (зарыл болгон учурда).

АӨ башчысы, АЖМФ жерлери боюнча жер комиссиясынын төрагасы

_______________ (агрардык жана жер маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт).

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун,  МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу.

5.

Муниципалдык менчикти башкаруу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Февраль

 

Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын угуу.

Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат.

Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын угуу.

Бул маселе боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуу.

Төмөнкү долбоорлорду кароо жана бекитүү (зарыл болгон учурда):

- Муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программасын;

- Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону;

- Электрондук форматтагы муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программаларын;

- Электрондук форматтагы муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону;

- Муниципалдык менчикти камсыздандыруу жана тизмеден чыгарып салуу тартиби жөнүндө жобону ж.б.

Монополияга каршы орган менен макулдашуудан кийин муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдаланган башка юридикалык жана жеке жактар ​​тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү (зарыл болгон учурда).

АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары)

_______________ (муниципалдык менчик маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун,  МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу.

6.

Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Февраль

 

Туруктуу комиссиянын төрагасын угуу, АӨ иш-чаралар пландары жөнүндө АӨ башчысынын орун басарынын (муниципалдык ишкана болсо, анын жетекчисинин) маалыматын угуу:

- жазгы талаа иштерине даярдануу боюнча,

- жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча;

- көчө жарыктарынын абалы жөнүндө,

- жергиликтүү бюджеттин каражаттары, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, жарык орнотууга багытталган гранттар, инвестициялар, демөөрчүлүк жана башка каражаттар боюнча.

Ишембилик өткөрүү, сугат жерлерин тазалоо, калктуу конуштарга көчөттөрдү отургузуу ж.б. графиктери менен таанышуу.

АӨ башчысы, АӨ башчысынын орун басары (зарыл болгон учурда МИ жетекчиси)

_______________ (агрардык, жер маселелери, ТКЧ боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңеш токтом кабыл алат

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары.

7.

Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу

 

 

 

 

 

 

 

 

Март 

Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу

- АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарынын, ТКЧ боюнча АӨ адисинин, МИ жетекчисинин), айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусу.

Жергиликтүү бюджетте каражат болсо, каржылоо маселесин карап чыгуу.

Таштандыны жыйноо, ташып кетүү үчүн тарифти карап чыгып, бекитүү.

 

 

 

 

АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары, ТКЧ боюнча АӨ адиси, МИ жетекчиси), айыл башчы.

 

 

 

 _______________ (агрардык жана жер маселелери, ТКЧ боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт)

 

 

 

 

Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга айылдык кеңештин сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары.

 

II квартал

8.

Коомдук тартипти сактоонун абалы

 

 

 

 

 

 

 

 

Апрель 

Коомдук тартипти коргоо жана мыйзам бузууларды болтурбоо маселелери боюнча 20__-жылдын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу:

- АӨ башчысын (АӨ башчысынын орун басарын),

- Ички иштер бөлүмүнүн өкүлүн (участкалык милициянын- макулдашуу боюнча),

- аксакалдар сотунун төрагасын,

- мыйзам бузуулар боюнча ЖӨБО комиссиясынын төрагасын;

- бойго жете электердин иши боюнча комиссиянын төрагасын (макулдашуу боюнча),

- Элдик кошуундун өкүлүнүн,

- билим берүү мекемелеринин (мектептер, лицейлер, ПТУ, ЖОЖдор) жетекчилерин (макулдашуу боюнча);

- Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын,

ААнын аймагында тартип бузууларды болтурбоо тууралуу программалардын долбоорлорун карап чыгуу жана бекитүү.

АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары)

ИИБ жетекчиси (участкалык милиция),

тартип бузуулар боюнча комиссиянын төрагасы,

айыл башчы, аксакалдар сотунун төрагасы, бойго жете электердин иши боюнча комиссиянын төрагасы, элдик кошуундун төрагасы ж.б.

 

 

 

 

 

 

_______________ (коомдук тартипти коргоо маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт

Маалыматты уккандан кийин айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат, коомдук тартипти коргоого жана укук бузууларды болтурбоого багытталган тийиштүү чараларды кабыл алуу боюнча сунуштар берилет.

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, айылдык кеңештин сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары.

9.

Калктуу конуштарды ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу (ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Апрель 

20__-жылдын жыйынтыгы боюнча элди ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматты угуу:

- АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары),

- калкты ичүүчү менен камсыз кылуу боюнча (канализация системасынын жана тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу) ИСКАКБ жетекчисин (муниципалдык ишкананын);

- калктуу конуштарды сугат суу менен камсыздоо жаатындагы мун. ишкананын жетекчисин;

- айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы.

Калктын сунуштарын эсепке алуу менен ичүүчү сууга тарифти карап чыгуу жана бекитүү.

Муниципалдык менчикте турган жана ТСКАКБга, муниципалдык ишканага башкарууга өткөрүлүп берилген ичүүчү суу менен жабдуу системасын жыл сайын оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат караштыруу.

 

 

 

 

 

 

 

АӨ башчы (же АӨ башчысынын орун басары), ИСКАКБ, муниципалдык ишкана

 

 

 

 

 

 

 

_______________ (ТКЧ маселелери боюнча) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.

 

 

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары.

10.

Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу, спорттук курулмалардын иштешин камсыз кылуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Апрель

Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча маалыматты угуу:

- АӨ башчысынын (же АӨ башчысынын орун басарынын),

- билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин (макулдашуу боюнча);

- айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасынын.

Жергиликтүү бюджетте каражат болсо каржылоо маселесин карап чыгуу.

Спорттун улуттук жана башка түрлөрүн, ошондой эле ААнын аймагында массалык спортту  ишке ашыруу жана өнүктүрүү программаларын карап чыгуу жана бекитүү.

Массалык жана спорттун башка түрлөрү боюнча иш-чараларды өткөрүү графигин карап чыгуу.

АӨ башчы (же АӨ башчысынын орун басары), айыл башчы, билим берүү мекемелеринин жетекчилери(макулдашуу боюнча).

_______________ (социалдык маселелер, спорт жана дене тарбиясы боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары.

11.

20___-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу

 

 

 

 

 

 

 

 

Май 

Айылдык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен, 20___-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасын кароо жана бекитүү

АӨ башчысы, АӨ башчысынын орун басары, ФЭБ башчысы ж.б.

_______________ (социалдык маселелер боюнча) жооптуу туруктуу комиссия өзүнүн бардык корутундуларын жалпылаштырат жана айылдык кеңештин сессиясында бирдиктүү корутунду катары баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт)

20__-жылга АСЭӨ жана калкты социалдык жактан коргоонун Программасын бекитүү жөнүндө АК токтому кабыл алынат, жарыяланат, күчүнө кирет, ЧУА Реестрине кошулат.

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу, МжБ жыйынтыктары.

12.

Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу, муниципалдык жерлердин, парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Май 

Көрүстөндөрдүн иштешине жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүнө, муниципалдык жерлердин, парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу:

- АӨ башчысынын (же АӨ башчысынын орун басарынын, МИ жетекчисинин)

- Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун.

Жергиликтүү бюджетте каражат болгондо каржылоо маселесин караштыруу.

Бул маселелерди демөөрчүлөрдүн каражатынын, инвестициялардын, гранттардын ж.б. жардамы менен чечүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу.

 

 

 

 

 

АӨ башчы (же АӨ башчысынын орун басары, МИ жетекчиси)

 

 

 

 

_______________ (ТКЧ боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары.

13.

Айылдык кеңештин депутаттары өз округундагы шайлоочуларга отчет беришет, шайлоочулардын суроо талаптарын аткарышат

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Май

Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардын Планын жана графигин карап, бекитүү.

АӨ башчысына, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине шайлоочулар менен жолугушууну графикке жана Иш-чаралар планына ылайык уюштуруу, жолугушууларды өткөрүү үчүн жайларды бөлүп берүү, шайлоочуларга жолугушуу өтчү убактысы жана орду жөнүндө кабар берүү, ошондой эле депутатка шайлоо округунда отчет берүүгө көмөкчү болгон башка чараларды көрүү.

Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуу.

Шайлоочулардан түшкөн сунуштар, даттануулар жана арыздар боюнча тийиштүү сунуштамаларды жана чечимдерди талкуулоо жана кабыл алуу.

 

АӨ башчысы, этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы

_______________ (этика, мандат боюнча) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Шайлоочулардан түшкөн сунуштарды, даттанууларды жана арыздарды эске алуу менен айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардына, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары.

14.

Коомдук транспорттун ишин жөнгө салуунун жүрүшү тууралуу

 

 

 

 

 

 

 

 

Июнь

АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарынын, зарыл болсо МИ жетекчисинин, бизнес коомчулуктун, башка кызыкдар тараптардын), калктуу конуштун ичинде же калктуу конуштардын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалык жактардын маалыматын угуу.

Жергиликтүү бюджетте финансы каражаты болгон учурда муниципалдык транспорттук ишкананы түзүү жана анын ишин уюштуруу маселесин караштыруу.

Окуучуларды мектепке ташуу маселесин кароо, бул маселени демөөрчүлөрдүн, инвестициялардын, гранттардын жана башка каражаттардын жардамы менен чечүү.

 

 

 

АӨ башчысы (транспорттук уюмдардын жетекчилери, коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалык, физикалык жактар – макулдашуу боюнча).

 

 

 

 

_______________ (коомдук транспорт маселелери боюнча) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

АК токтом (тескеме) кабыл алат.

Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.

 

 

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу, МжБ жыйынтыктары.

 

 

 

III квартал

 

15.

20___-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу

АӨ башчынын отчету

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Июль 

АӨ башчысынын айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, өнүгүү программасынын жана планынын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы) аткарылышы тууралуу 1-жарым жыл үчүн АӨ башчынын отчетун угуу. 1-жарым жыл үчүн АӨ башчысынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. АКтын жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.

 

АӨ башчысы

_______________ (АК төрагасынын резолюциясы менен аныкталган) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

20__-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн АӨ отчетун кабыл алуу, АК токтомун (тескемесин кабыл алуу), жарыялоо, күчүнө киргизүү, ЧУА Мамлекеттик реестрине кошуу.

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары

16.

Күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу

 

 

 

 

 

 

 

Июль 

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери боюнча маалымат угуу:

- АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары),

- тийиштүү мекемелердин жетекчилери;

- АК туруктуу комиссиясынын төрагасы.

Жылытуучу материалдарды сатып алуу жана муну каржылоо маселесин кароо жана талкуулоо.

 

 

 

 

АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары), мекемелердин жетекчилери

 

_______________ (ТКЧ жана муниципалдык менчик маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

АК токтом (тескеме) кабыл алат.

Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары

17.

Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу, жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо

 

 

 

 

 

 

Июль 

Жергиликтүү маанидеги китепканалардын иши, жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды (эстеликтерди) коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо боюнча маалыматты угуу:

- АӨ башчысын (АӨ башчысынын орун басарын, китепканачыларын),

- АК туруктуу комиссиясынын төрагасын.

Бул жааттагы ишти жакшыртуу боюнча тийиштүү сунуштамаларды жана сунуштарды карап чыгуу, талкуулоо жана кабыл алуу.

 

 

 

АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары)

 

 

_______________ (социалдык маселелер боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга, курултайларга АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары

18.

Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Июль 

АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарынын), жаштар комитетинин, төмөнкү маселелер боюнча комиссиясынын маалыматын угуу:

- элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү,

-  бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу,

- балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу,

- ААнын аймагында балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

- балдар укугун бузуу учурларын аныктоо жана укугу бузулган балдарга юридикалык жардам берүү.

Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу.

Социалдык маселелер боюнча комиссиянын Жобосун карап чыгуу жана бекитүү.

 

 

 

 

 

 

 

 

АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары, соц.жана жаштар маселелери боюнча адис), социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы, жаштар комитетинин төрагасы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

_______________ (социалдык маселелер боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.

Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары

19.

Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП) эсепке алуу менен 20__-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын-ала карап чыгуу жана макулдашуу. Бюджет боюнча коомдук угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды карап чыгуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Август 

Коомдук бюджеттик угуулардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин долбоорун төмөнкүлөрдөн угуу:

- АӨ башчысынан (АӨ ФЭБ башчысынан),

- АК туруктуу комиссиясынын төрагасынан,

- башка кызыкдар адамдардан

Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы), жергиликтүү жамааттын сунуштары менен пикирлерин эсепке алып, жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча пикирлерин жана сунуштарын берет.

Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча бюджеттин долбоорун жактырат же толук иштеп чыгууга жөнөтөт.

 

АӨ башчысы, ФЭБ башчысы

 

_______________ (бюджет боюнча) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

АК жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу токтом кабыл алат.

Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.

 

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары

 

 

IV квартал

 

20.

Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдери, жер казынасы маселелерин кароо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Октябрь 

Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдерин сактоо, жер казынасы маселелери боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу:

- АӨ башчысынын (башчынын орун басарынын),

- архитектура жана мамкаттоонун өкүлдөрүнүн (макулдашуу боюнча).

АК туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу.

Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда):

- Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акынын негизинде берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо

- Муниципалдык менчиктеги жер участокторун менчикке же ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы;

- Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын жобосу;

- Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамы.

Калктуу конуштардын башкы планын түзүү, муниципалдык жерлерге күбөлөндүрүүчү документтерди (мамлекеттик күбөлүктөрдү) аныктоо жана алуу маселелерин каржылоо мүмкүнчүлүгүн кароо жана талкуулоо

АӨ башчысы (башчынын орун басары), АӨгө караштуу жер комиссияларынын төрагалары, архитектура жана мамкаттоонун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

_______________ (жер маселелери жана муниципалдык менчик боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.

Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

 

 

 

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары

 

 

 

 

21.

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу

 

 

 

 

 

 

 

 

Октябрь 

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча АӨ даярдаган иш-чаралар Планын карап чыгуу жана бекитүү.

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар планын аткарылышы боюнча АӨ башчысынын (башчынын орун басарынын) маалыматын угуу.

Өзгөчө кырдаалдар үчүн жергиликтүү бюджетке каражатты караштыруу жана кошуу.

 

 

 

 

 

АӨ башчысы (башчынын орун басары)

 

 

_______________ (өзгөчө кырдаал маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.

Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

 

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, жыйындарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары

22.

Мамлекеттик буйрутманын жана ведомстволук окутуунун алкагында саясий муниципалдык кызматтардагы муниципалдык кызматкерлердин (АӨ башчы, АК төрагасы, депутаттар) квалификацияларын жогорулатуу тууралуу 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Октябрь 

КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 28-бересинин талаптарын аткаруунун алкагында төмөнкүлөрдү кароо жана бекитүү:

  • АӨ тарабынан даярдалган саясий муниципалдык кызматтардагы муниципалдык кызматкерлерди (АӨ башчы, АК төрагасы, депутаттар) кайра даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу боюнча окутуу Планын;
  • саясий муниципалдык кызматтардагы муниципалдык кызматкерлердин (АӨ башчы, АК төрагасы, депутаттар) ведомстволук окутуу Планын.

АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарын) жогорудагы Пландарды аткаруусун угуу.

Жергиликтүү бюджеттен окутуу Пландарына  каражат бөлүү маселелрин кароо. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

АӨ башчысы (башчынын орун басары), билим берүү жана соц. маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

_______________ (билим берүү жана соц. маселелер боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.

Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары

23.

Мыйзамдын жана/же ЧУА негизинде мамлекеттик органдардан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды АӨнүн аткаруусу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Октябрь 

Мыйзамдын жана/же ЧУА негизинде мамлекеттик органдар өткөрүп берген ыйгарым укуктарды  кандай аткаргандыгы тууралуу АӨ башчысынын маалыматын угуу.

АКтын туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу.

Зарыл болгон учурда, ыйгарым укуктарды материалдык-финансылык, методикалык жактан камсыз кылуунун шарттарын, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү жөнүндө шарттарын карап чыгуу, мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштарды жана сунуштамаларды берүү.

 

АӨ башчысы (башчынын орун басары)

_______________ (өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.

Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары

24.

АКтын депутаттарынын, АӨ адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айылдык аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо

 

 

 

 

 

 

Ноябрь 

АКтын жигердүү, көрүнүктүү депутаттарына, АӨнүн адистерине, ААнын жашоочуларына айылдык аймактын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн жылдын жыйынтыгы боюнча муниципалдык сыйлыктарды тапшыруу, аларды мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү маселелери боюнча АӨнүн башчысын (АӨнүн башчысынын орун басарын), АКтын туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу.

АӨнүн башчысы (АӨнүн башчысынын орун басары), АК төрагасы (АК төрагасынын орун басарлары), туруктуу комиссиянын төрагалары.

______________________ (этика жана мандат боюнча) туруктуу комиссия өзүнүн корутундусу боюнча сессияда баяндама жасайт.

 

 

 

Сыйлоо тууралуу айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.

Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын айылдык кеңештин сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары.

25.

Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар Планы) эсепке алуу менен 20__-жылга жергиликтүү бюджеттин такталган долбоорун бекитүү. 

 

 

 

 

 

 

 

Ноябрь

Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун угуу:

- АӨ башчысын (АӨнүн ФЭБ башчысын),

- АКтын туруктуу комиссиясынын төрагасы,

- башка кызыкдар адамдардын

Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар Планы)эсепке алуу менен жергиликтүү бюджеттин долбооруна өзүнүн, жергиликтүү жамааттын пикирлерин жана сунуштарын киргизет.

 

АӨ башчысы, ФЭБ жетекчиси

 

_______________ (бюджет боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.

Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

 

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, айылдык кеңештин сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары

 

26.

Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кийинки жылга иш планын бекитише

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ноябрь

20__-жылга иш планынын аткарылышы жана иштин жыйынтыгы боюнча туруктуу комиссиялардын төрагаларынын отчетторун угуу.

Айылдык кеңештин токтомдорунун, тескемелеринин аткарылышына анализ жасоо, аткарылган тапшырмаларды көзөмөлдөн алып салуу.

АКтын төрагасынын орун басарынан АКтын туруктуу комиссияларынын иши жана жылдын аягында өз милдеттерин талаптагыдай аткаруусу жөнүндө маалыматын угуу.

20__-жылга айылдык кеңештин иш планын талкуулоо жана бекитүү. 20__-жылга иш пландарынын долбоорлору боюнча АК туруктуу комиссияларынын төрагаларын угуу жана аларды бекитүү.

 

 

 

АК төрагасынын орун басары,

АК туруктуу комиссиясынын төрагалары, АКтын жооптуу катчысы

 

 

 

 

АКтын төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, АКтын жооптуу туруктуу комиссиясы аталган маселе боюнча АК сессиясында баяндама жасашат.

 

 

 

Туруктуу комиссиялардын отчетторун бекитүү жөнүндө АКтын токтомун (тескемесин), 20__-жылга АКтын иш Планын, 20__-жылга туруктуу комиссиялардын иш пландарын  кабыл алуу.

Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.

 

 

Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын айылдык кеңештин сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары

 

 

 

 

Эскертүү!

* Айылдык кеңештин Типтүү иш планында көрсөтүлгөн маселелер кароого ыйгарым укуктуу бардык туруктуу комиссиялар тарабынан жогорудагы үлгүгө ылайык сүрөттөлүшү керек.

* Айылдык кеңештин Типтүү Иш планында көрсөтүлгөн маселелер толук эмес жана жергиликтүү кеңештерге жана алардын туруктуу комиссияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана мамлекеттик органдардын жана башка уюмдар менен мекемелердин ыйгарым укуктарына таандык болбогон башка маселелерди кароодо чектөө коюлбайт.

* Aйылдык кеңештин Типтүү Иш планында каралган маселелер туруктуу комиссиялар тарабынан алдын-ала каралып, алар боюнча айылдык кеңештин тиешелүү корутундусу кабыл алынгандан жана айылдык кеңештин токтомунун (токтом, тескеме) долбоору даярдалгандан кийин сессиянын күн тартибине киргизилет.

* Типтүү Планда белгиленген маселелер алдын ала каралып, туруктуу комиссиянын тиешелүү корутундусу кабыл алынгандан кийин ченемдик укуктук акт кабыл алынган учурда, туруктуу комиссия ошондой эле каралып жаткан маселе боюнча айылдык кеңештин токтомунун долбоорун даярдайт жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-23-беренелеринин талаптарына ылайык, АК токтомунун долбоорун бир айдан кем эмес мөөнөткө ЖӨБ органдарынын расмий сайтына жайгаштыруу же болбосо расмий жарыялоонун башка булактары аркылуу коомдук талкууга чыгарат.

 

 

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Бириккен айыл өкмөтүнүн сметасын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 2-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№2/4


05-апрель 2024-жыл

Бириккен айыл өкмөтүнүн сметасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндегипилоттук режимде админстративдик-аймактык реформа жүргүзүүжөнүндө” жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февральындагы №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан админстративдик - аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жөнүндө” жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде админстративдик–аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун негизинде Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Коңур-Дөбө жана Кабылан –Көл айыл өкмөттөрүн бириктирүү жолу менен кайрадан Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү түзүлгөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 29368,4 миң сомго, анын ичинде теңдештирүүчү трансферт 19318,5 миң сом, өздүк киреше 10049,9 миң сом (анын ичинде атайын каражаттар 728,0 миң сом) бекитилсин.
  1. Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн 2024-жылдын 1-январына 2023-жылда пайдаланбай калган 1453,1 миң сом, бюджет 1146,0 миң сом   (анын ичинде атайын каражаттар 307,1 миң сом) калдык каражатын 2024-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин жана жогорудагы акча каражатын Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын  Алай   финансы башкармалыгынан суралсын.
  1. Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн бириктирилген сметасында көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде жумшоо жана пайдалануу жагы Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн  башчысы Орозбай уулу Жеңишбек жана Исакова Жазгүлгө милдеттендирилсин.

        4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиясыны жүктөлсүн.

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 3-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№3/1


18-апрель 2024-жыл

Курманжан Датка айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Алай районунун Курманжан Датка айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Курманжан Датка айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Курманжан Датка айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды

токтом кылат:

1. Курманжан Датка айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Курманжан Датка айылдык кеңешинин төрайымына жана Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Алай райондук жергиликтүү  мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

2024-жылдын жазгы талаа жумуштарынын мөөнөтүндө өткөрүүдө жазгы айдоо, себүү иштери, сапаттуу уруктар менен камсыз кылууда айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адисинин жана айыл башчысынын жүргүзүлгөн иштери жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 3-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№3/2


18-апрель 2024-жыл

2024-жылдын жазгы талаа жумуштарынын мөөнөтүндө өткөрүүдө жазгы айдоо, себүү иштери, сапаттуу уруктар менен камсыз кылууда айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адисинин жана айыл башчысынын жүргүзүлгөн иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 Мыйзамынын 37-беренесинин 1-пунктунун 13-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктчасына ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

1.  2024-жылдын жазгы талаа жумуштарынын мөөнөтүндө өткөрүүдө жазгы айдоо, себүү иштери, сапаттуу уруктар менен камсыз кылууда айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адисинин жана айыл башчысынын жүргүзүлүп жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адисинин жана айыл башчысынын аткарылып жаткан иштериндеги кемчиликтери тез арада жөнгө салуу, берилген баа боюнча чечим кабыл алуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилип, мөөнөтү бүткөн жерлерди 2024-жылга аукционго коюу жана жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 3-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№3/3


18-апрель 2024-жыл

Кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилип, мөөнөтү бүткөн жерлерди 2024-жылга аукционго коюу жана жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө

Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилип, мөөнөтү бүткөн жерлерди 2024-жылга ижарага берүү үчүн аукциондун алгачкы баасын коюп берүүнү угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 111-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана 2022-жылдын 18-январындагы №3 “Салык Кодексинин” 401-412-беренелерине ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

1.     Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:

-         сугат айдоо жер үчүн - 250 сом/кв.м;

-         кайракы айдоо жер үчүн -  62,3 сом/кв.м;

-         көп жылдык өсүмдүктөр (бак)  - 234 сом/кв.м;

-         чөп чабындылар үчүн – 27,7 сом/кв.м;

 

2.     Айыл аймагындагы 2024-жылга карата кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилип бирок мөөнөтү бүткөн жерлерди аукционго келишимдин негизинде берилсин.

3.     Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй өлчөмдө баасы коюлсун.

- сугат айдоо жер үчүн - 2100 сом/кв.м;

- кайракы айдоо жер үчүн -  1050 сом/кв.м;

- көп жылдык өсүмдүктөр (бак)  - 840 сом/кв.м;

       - чөп чабындылар үчүн - 500 сом/кв.м;

 

4.     Жер салыгы жана камсыздандыруу мүчөлүк акылары аукциондон утуп алгандан кийинки келишимдин негизинде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен түзүлсүн.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жана жер маселелери боюнча башкы адиси                               К. А. Пасаңовго милдеттендирилсин. 

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелериндеги билим берүүнүн сапаты, 2024-жылга ЖРТгө даярдыктары, предметтик олимпиадалардын, класстан тышкаркы жана спорттук иш-чаралардын жыйынтыктары, 1-4-класстарга берилүүчү ысык тамактын берилүүнүн абалы. МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы жөнүндө.

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 3-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№3/4


18-апрель 2024-жыл

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелериндеги билим берүүнүн сапаты, 2024-жылга ЖРТгө даярдыктары, предметтик олимпиадалардын, класстан тышкаркы жана спорттук иш-чаралардын жыйынтыктары, 1-4-класстарга берилүүчү ысык тамактын берилүүнүн абалы. МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы жөнүндө.

Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусун угуп Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

1.  Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелериндеги билим берүүнүн сапаты,   2024-жылга ЖРТгө даярдыктары, предметтик  олимпиадалардын, класстан тышкаркы жана спорттук иш-чаралардын жыйынтыктары, 1-4-класстарга берилүүчү ысык тамактын берилүүнүн абалы. МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы  боюнча аткарылып жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

2. Айыл айымагынын өкмөтүндөгү  №23 М. Ташиев, №24 К. Аматов, №25 Э. Мурзаев атындагы орто мектептеринин жана Күнгөй №52 баштооч мектебинин 2024-жылга ЖРТгө даярдыктары, 1-4-класстарга берилүүчү ысык тамактын берилүүнүн абалын жөнгө  салуу үчүн №23 М. Ташиев жана №52 Күнгөй баштооч   мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.

 

3.  №35 МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы боюнча аткаруу иштерин жөнгө салуу жагы милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Боз-Караган айылынын Булуң участкасындагы 1978-жылы курулган Алай райондук ЖДПБнын карамагында турган имаратынын курчалган жер аянтын берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 3-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№3/5


18-апрель 2024-жыл

Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Боз-Караган айылынын Булуң участкасындагы 1978-жылы курулган Алай райондук ЖДПБнын карамагында турган имаратынын курчалган жер аянтын берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин 1-пунктуна жана 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктунун 19-беренесинин негизинде Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешини

токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин  1-пунктуна жана 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 6-беренесинин    5-пунктунун 19-беренесинин  негизинде Курманжан Датка айыл аймагынын Боз-Караган айылынын Булуң участкасындагы         1978-жылы курулган  кургак учук ооруканасы жайгашкан 1 (бир) га жер аянтын,  Алай райондук ЖДПБга    пайдаланууга чегерилип берилсин.
  2. Боз-Караган айылынын Булуң участкасындагы көрсөтүлгөн жер аянтын тактап, тиешелүү иш кагаздарын даярдап, Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалынан суроо жер маселери боюнча башкы адиси К. А. Пасаңовго милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Арпа-Тектир айылындагы калкты сугат суу менен камсыз кылуу максатында суу насосуна жер аянтын берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 3-отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№3/6


18-апрель 2026-жыл

Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Арпа-Тектир айылындагы калкты сугат суу менен камсыз кылуу максатында суу насосуна жер аянтын берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 27-беренесинин 3-пунктуна жана 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 19-беренесинин негизинде Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешини

токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 27-беренесинин 3-пунктуна жана 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 19-беренесинин  негизинде Курманжан Датка айыл аймагынын Арпа-Тектир айылына калкты сугат суу менен камсыз кылуу үчүн муниципалдык жерден суу насосун орнотууга 400,0 чарчы метр жер аянты чегерилип берилсин.
  2. Арпа-Тектир айылынан ткөрсөтүлгөн жер аянтын тактап, тиешелүү иш кагаздарын даярдап, Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалынан суроо жер маселери боюнча башкы адиси К. А. Пасаңовго милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова