Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышынын жана киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 4-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№4/1

26-июль 2024-жыл

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2) жана 4) пунктчаларына ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышынын жана киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшү боюнча  аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
  2. Жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышынын жана киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшү боюнча иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Айыл өкмөтүндөгү маданият тармагындагы кызматкерлердин жана китепканачылардын жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурасындагы коргоо жана пайдалануу жаатындагы жана маданият кызматкерлеринин элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү уюштуруу, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чарасындагы жүзөгө ашырууну уюштуруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 4-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№4/2

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 2-главасынын 27-беренесинин 13-пунктунун жана 3-главасынын 34-беренесине ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү маданият тармагындагы кызматкерлердин жана китепканачылардын жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурасындагы коргоо жана пайдалануу жаатындагы жана маданият кызматкерлеринин элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү уюштуруу, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чарасындагы жүзөгө ашырууну уюштуруу боюнча  аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
  2. Маданият тармагындагы кызматкерлердин жана китепканачылардын жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурасындагы коргоо жана пайдалануу жаатындагы жана маданият кызматкерлеринин элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү уюштуруу, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чарасындагы жүзөгө ашырууну уюштуруу боюнча иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагында жайгашкан эмканаларынын кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү иштеринин абалы жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 4-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№4/3

26-июль 2024-жыл

Курманжан Датка айыл аймагында жайгашкан эмканаларынын кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү иштеринин абалы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагында жайгашкан эмканаларынын кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү иштеринин абалы боюнча  аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
  2. Курманжан Датка айыл аймагында жайгашкан эмканаларынын кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү иштеринин абалы боюнча  аткарган иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

“Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулардын бюджетин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 4-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№4/4

26-июль 2024-жыл

“Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулардын бюджетин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине, “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси У. Курбановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү”  муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулардын  бир  жылдык  бюджетине  каралган  265,0 миң  сомдун  1/3 бөлүгү    87450 сомду   айыл  өкмөтүнүн  киреше  бөлүгүнө, жер  салыгын  эске  алуу  менен  калтырылсын. (тиркеме  тиркелет)
  2. Жыл ичинде  алыскы  жайыттардан  түшкөн   салыкты  сметада  каралган  суммадан  ашыкча   түшсө  кошумча  смета  түзүп, чыгаша  бөлүгүнө  уруксат   берүү  жагы  Кыргыз  Республикасынын  Финансы  Министрлигинин  Алай  финансы  башкармалыгынан  суралсын.
  3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алцуу  жагы  айылдык  Кеңештин  бюджет  жана  экономикалык  маселелер  боюнча   туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

БЕКИТЕМИН

Курманжан Датка  айылдык  Кеңештин  төрайымы:

_____________З.Абдыкадырова

Курманжан Датка  айылдык  Кеңешинин  6-чакырылышынын  2024-жылдагы

4-отурумунун  №4/4  токтому  менен бекитилди

Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү”  муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулардын  2024-жылга  карата 

БЮДЖЕТИ :

Эскертүү:  Курманжан Датка  айыл  өкмөтү   боюнча  жайыт  пайдалануу

 1 баш  жылкы  жана  уй, топоз  үчүн  50 сом 6 айга  чейинки  торпок, кулун  үчүн  30 сом, кой, эчки  үчүн  10 сом  же  болбосо  бир  шартуу  мал  башына  50  сом. Башка  айыл  өкмөттөрдөн  келген  малдарга  500 сом, кой  эчкиге  200 сом

Айылдар  боюнча  малдын  саны  жана  жайыт  суммасы: 

Айылдардын  аталышы

Кара  мал  башы

Жылкы  башы

Кой, эчки

Жалпы  сумма

1

Жар-Кыштак

153

162

120

16950

2

Боз-Караган

390

224

448

35280

3

Кара-Шоро

355

222

600

35250

4

Арпа-Тектир

427

460

700

52130

5

Кызыл-Ой

69

19

89

5390

6

Кабылан-Көл

350

300

888

41500

7

Күңгөй

300

204

780

33000

8

Кара-Жыгач

200

196

600

25800

9

Курулуш

188

106

500

19700

Айыл аймак боюнча

2432

1911

4725

265 000

Шарттуу  малдын  башы

Малдын  түрү

Малдын  түрү  ШМБ

Жайыт пайдалануу  үчүн  1 малдын  башына  төлөнүүчү  сумма

Жайыт  үчүн чогултулуучу  сумма

Ийри  мүйүздүү  мал

2432

50

121 600

Майда  жандык

957

50

47 850

Жылкы

1911

50

95 550

Жалпы

5300

265 000

Чыгашалар  сметасы

Чыгышалар  бөлүгү

Суммасы, сом

Жалпы  сумма

1

Айыл  өкмөтүнө  калуучу  1/3  бөлүгү  жер  салыгын  эске  алуу  менен

87450

87450

Жайыт инфраструктурасын  жакшыртуу (жолдор,көпүрөлөр ж.б)

120 000

120 000

Жайыт  асоссациясына  мүчөлүк  акы

5000

5000

Жайытка  мониторинг  жүргүзүү

Жайыт  башкаруу  планын  иштеп  чыгуу

Жайыт пайдалануучулардын билимин жогорулатууга

12 550

12 550

2

Административдик  чыгымадар

10 000

10 000

Жайыт  төрагасынын  эмгек  акысы

0.0

0.0

Жайыт  комитетинин  бухгалтеринин  эмгек  акысы

0.0

0.0

Социалдык  чегерүүлөр 17,25%

0.0

0.0

Сапарга  чыгуу  жана  транспорттук  күйүүчү  майга  арналган  чыгымдар

20 000

20 000

3

Конц  товар

10 000

10 000

4

Жайыт  пайдалануу  үчүн  жер  салыгы

5

Резервный  фонд  ЖК

6

Жалпы  жайыт  акысы  шарттуу  мал  башы 

265 000

Бардыгы

265 000

Курманжан Датка  айыл   өкмөтүнүн  жайыттын  башка  максатта  пайдалануу  үчүн 

Мисалы:     1. Чөп  орууга                    1 га  1000сом

                    2. Көрктөндүрүү  үчүн       1 га 3000

                    3. Дары  чөп   терүү  үчүн  1 га  1500 сом

“Курманжан Датка таза суу,тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси                                                            У. Курбанов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын калкынын ичүүчү таза сууга жана чогултулган таштандыларды ташып чыгууга болгон акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 4-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№4/5

26-июль 2024-жыл

Курманжан Датка айыл аймагынын калкынын ичүүчү таза сууга жана чогултулган таштандыларды ташып чыгууга болгон акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

1. Курманжан Датка айыл аймагынын калкынын ичүүчү таза сууга жана чогултулган таштандыларды ташып чыгууга болгон акыларынын тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.

  • ар бир кожолукка (түтүнгө) 1 куб 35 (отуз беш) сом;
  • таштанды чогултууга ар бир кожолукка (түтүнгө) 50 (элүү) сом;

2. Чогултулган ичүүчү таза суунун акылары жана чогултулган таштандыларды ташып чыгууга түшкөн акча каражаттары “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын эсебине төгүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелериндеги билим берүүнүн сапаты, 2024-жылга ЖРТгө даярдыктары, предметтик олимпиадалардын, класстан тышкаркы жана спорттук иш-чаралардын жыйынтыктары, 1-4-класстарга берилүүчү ысык тамактын берилүүнүн абалы. МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 4-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№4/6

Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусун угуп Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелериндеги билим берүүнүн сапаты,   2024-жылга ЖРТгө даярдыктары, предметтик  олимпиадалардын, класстан тышкаркы жана спорттук иш-чаралардын жыйынтыктары, 1-4-класстарга берилүүчү ысык тамактын берилүүнүн абалы. МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы  боюнча аткарылып жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
  2. Айыл айымагынын өкмөтүндөгү  №23 М. Ташиев, №24 К. Аматов,   №25 Э. Мурзаев атындагы орто мектептеринин жана Күнгөй №52 баштооч мектебинин 2024-жылга ЖРТгө даярдыктары, 1-4-класстарга берилүүчү ысык тамактын берилүүнүн абалын жөнгө  салуу үчүн №23 М. Ташиев жана №52 Күнгөй баштооч   мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
  3. №35 МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы боюнча аткаруу иштерин жөнгө салуу жагы милдеттендирилсин.
  4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын Жар-Кыштак айылындагы айыл чарбасына жараксыз жердин чегин аныктап жана ижарага берилүүчү аянтын бөлүп берүү жана баасын аныктап берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 4-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№4/7

26-июль 2024-жыл

Курманжан Датка айыл аймагынын Жар-Кыштак айылындагы айыл чарбасына жараксыз жердин чегин аныктап жана ижарага берилүүчү аянтын бөлүп берүү жана баасын аныктап берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин 1-пунктунун жана 90-беренесинин 1-пунктунун негизинде Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагынын Жар-Кыштак айылынын сайынан айыл чарбасына жараксыз 1 (бир) га жерден келишимдин негизинде өздөштүрүп көрктөндүрүүгө жана балык өстүрүүгө, бассейн уюштурууга макулдук берилсин.
  2. Жар-Кыштак айылынын айыл чарбасына жараксыз 1 (бир) га жерди 0,50 чарчы метрден 2 лот менен 5 жылга келишимдин негизинде ижарага берилсин. Баштапкы баасы 1500 сомдон башталсын.
  3. Жер салыгы жана камсыздандыруу мүчөлүк акылары аукциондон утуп алгандан кийинки келишимдин негизинде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төгүлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссисына жана жер маселелери боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын Курулуш айылындагы курулган мечиттин атын Аматкулов Бөдүк деп коюу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 4-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№4/8

15-июль 2024-жыл

Курманжан Датка айыл аймагынын Курулуш айылындагы курулган мечиттин атын Аматкулов Бөдүк деп коюу жөнүндө

Курманжан Датка айыл аймагынын Курулуш айылынын тургундарынын 2024-жылдын 10-июлундагы элдик жыйынынын “Аматкулов Бөдүк” деп атын коюу жөнүндөгү №1 протоколунун негизинде Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагынын Курулуш айылынын тургундарынын 2024-жылдын 10-июлундагы элдик жыйынынын “Аматкулов Бөдүк” деп атын коюу жөнүндөгү №1 протоколунун негизинде макулдук берилсин.
  2. Курманжан Датка айыл аймагынын Курулуш айылындагы мечит “Аматкулов Бөдүк” атындагы мечити болуп аталсын.
  3. Тийиштүү иш кагаздарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Алай филиалына тапшырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жана жер маселелери боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын Кабылан-Көл жана Боз-Караган айылдарына Беккари чуңкурчасына жер аянтын чегерип берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 4-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№4/9

26-июль 2024-жыл

Курманжан Датка айыл аймагынын Кабылан-Көл жана Боз-Караган айылдарына Беккари чуңкурчасына жер аянтын чегерип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 2-главасынын 27-беренесинин 11-пунктуна ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагынын Күнгөй айылынын Саз участкасынан 0,04 чарчы метр  жана  Боз-Караган айылынын  жогорку тарабынан 0,05 чарчы метр жер тилкесине Беккари чуңкурчасын курууга макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоого агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссисына жана жер маселелери боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын Кабылан-Көл жана Боз-Караган айылдарына таштанды таштоочу жай курууга жер аянтын чегерип берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 4-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№4/10

26-июль 2024-жыл

Курманжан Датка айыл аймагынын Кабылан-Көл жана Боз-Караган айылдарына таштанды таштоочу жай курууга жер аянтын чегерип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 2-главасынын 27-беренесинин 11-пунктуна ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагынын Кабылан-Көл айылынын Кыпчылма участкасынан 0,04 чарчы метр  жана  Боз-Караган айылынын Терең Ангел участкасынан 0,20 чарчы метр жер тилкесине Беккари чуңкурчасын курууга макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоого агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссисына жана жер маселелери боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро-4 көчөсүнө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратов Кенженин атын коюу үчүн Кара-Шоро айылынын тургундарынын 2024-жылдын 2-июлундагы №1 элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 4-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№4/11

26-июль 2024-жыл

Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро-4 көчөсүнө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратов Кенженин атын коюу үчүн Кара-Шоро айылынын тургундарынын 2024-жылдын 2-июлундагы №1 элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 сандуу токтомунун талаптарына жана Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро айылынын тургундарынын 2024-жылдын 2-июлундагы №1 элдик жыйынынн протоколундагы Муратов Кенже деп атын коюу жөнүндөгү №1 протоколунун негизинде Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро-4 көчөсүнө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратов Кенженин атын коюу үчүн Кара-Шоро айылынын тургундарынын 2024-жылдын 2-июлундагы №1 элдик жыйынынн протоколу бекитилсин.
  2. Курманжан Датка айыл аймагынын Кара-Шоро төртүнчү көчөсү Муратов Кенже атындагы көчөсү болуп аталсын.
  3. Көчөнүн аталышын жазуу, жарыктандырылышы, иретке келтирилиши Муратов Кенженин уулдарына тапшырылсын.
  4. Тийиштүү иш кагаздарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Алай филиалына тапшырылсын.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жана жер маселелери боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.

«Курманжан Датка» айылдык кеңешинин төрайымы:
З. Д. Абдыкадырова