Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 6 айда аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 5-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№5/1

29-август 2024-жыл

Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 6 айда аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 5-главасынын 50-беренесинин 3-пунктуна ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын айындын ичинде аткарган иштери канааттандырылсын деп табылсын.
  2. Айыл өкмөт башчысынын 2024-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштеринде айрым аткарылуучу иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын

Төрайым:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышынын жана киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшүнүн абалы жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 5-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№5/2

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2) жана 4) пунктчаларына ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышынын жана киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшү боюнча  аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
  2. Жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланышынын жана киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн салыктын түрлөрүнөн жана кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдө түшүүчү ижара акыларынын өндүрүлүшү боюнча иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Төрайым:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 токтомунун негизинде Ош облусунун Алай районунун Курманжан Датка а/а Кызыл-Ой, Кара-Шоро, ЖарКыштак, Боз-Караган, Арпа-Тектир айылдарынын башкы пландарын макулдашуу жана бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 5-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№5/3

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулунун берген маалыматтарын угуп жана талкуулап Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагынын Боз-Караган, Кара-Шоро, Арпа-Тектир, Кызыл-Ой жана Жар-Кыштак айылдарынын башкы пландары өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана жер маселелери боюнча башкы адисиК. Пасаңовго жүктөлсүн.

Төрайым:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагындагы 2024-2025-жаңы окуу жылына билим берүү мекемелеринин күз-кыш мезгилине карата даярдыктары, окуучуларга берилүүчү ысык тамактын уюштурулушу жана шарттардын түзүлүш абалы жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 5-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№54

Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусун угуп Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелериндеги билим берүүлөрүнүн 2024-2025-жаңы окуу жылына билим берүү мекемелеринин күз-кыш мезгилине карата даярдыктары, окуучуларга берилүүчү ысык тамактын уюштурулушу жана шарттардын түзүлүш абалы боюнча аткарылып жаткан иштери канааттандырылсын деп белгиленсин.
  2. Айыл айымагынын өкмөтүндөгү мекемелеринин  2024-2025-жаңы окуу жылына билим берүү мекемелеринин күз-кыш мезгилине карата даярдыктары, окуучуларга берилүүчү ысык тамактын уюштурулушу жана шарттардын абалын жөнгө  салуу үчүн мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрайым:
З. Д. Абдыкадырова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын Арпа-Тектир айылына сугат суу менен камсыз кылуу үчүн суу насосту оңдоого облустук өнүктүрүү фондунан акча каражатын алуу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 5-отурумунун
ТОКТОМУ

Боз-Караган айылы

№5/5

29-август 2024-жыл

Курманжан Датка айыл аймагынын Арпа-Тектир айылына сугат суу менен камсыз кылуу үчүн суу насосту оңдоого облустук өнүктүрүү фондунан акча каражатын алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 14-пунктуна ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагынын Арпа-Тектир айылына сугат суу менен камсыз кылуу үчүн суу насосту оңдоого  облустук өнүктүрүү фондунан акча каражаты суралсын.
  1. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоого агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссисына жана жер маселелери боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.

Төрайым:
З. Д. Абдыкадырова