Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака


Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезектеги 1-отурумунун
ТОКТОМУ


28.01.2026 №1/1


Боз-Караган айылы

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 50-беренесинин 3-пунктуна ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2.Айыл өкмөт башчысынын жыл ичинде аткарган иштеринде айрым аткарылуучу иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака


Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезектеги 1-отурумунун
ТОКТОМУ


28.01.2026 №1/2


Боз-Караган айылы

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн аймагында Жергиликтүү жамааттарга усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө жергиликтүү жамаатардын уставын бекитүүнү карап, талкуулап Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагында Жергиликтүү жамааттарга усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө үчүн жобосу бекитилсин.
  1. Жобо менен тыгыз иш алып баруу жагы жооптуу катчы Г. Кимсанбай кызына тапшырылсын.
  1. Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
  1. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга аткарылышы, 2026-жылга малымат, 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2026-2028-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака


Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезектеги 1-отурумунун
ТОКТОМУ


28.01.2026 №1/3


Боз-Караган айылы

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга аткарылышы, 2026-жылга малымат, 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2026-2028-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүмчөсүнө ылайык бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезектеги 1-отуруму токтом кылат:

1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылга киреше бөлүгү – 29368,4 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше – 9562,0 миң сомго (анын ичинен атайын каражат 2342,1миң сом), Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү трансферт – 18933,7 миң сом, Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт (целевой трансферт)   –  2215,7 миң сом, мурунку жылдан өткөн калдык – 1453,1 миң сом  (анын ичинен атайын каражат -307,1) жана чыгаша бөлүгү – 32164,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Курманжан Датка  айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылга киреше бөлүгү – 33097,7 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше –9966,7  миң сомго (анын ичинен атайын каражат 1914,3 миң сом), Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү трансферт – 22375,9  миң сом, Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт (целевой трансферт)–_7042,9 миң сом, мурунку жылдан өткөн калдык – 422,3 миң сом (анын ичинен атайын каражат -386,3_) жана чыгаша бөлүгү– 39807,8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

3. Курманжан Датка  айыл өкмөтүнүн  2026-жылга жергиликтүү  бюджетинин киреше бөлүгү – 36575,3 миң сом, анын ичинен Республикалык бюджеттен теңдештирүүчү трансферт – 22797,4 миң сом , өздүк кирешелер – 13777,9 миң сом  (анын ичинен атайын каражат  1600,0 миң сом) жана чыгаша бөлүгү – 36575,3 миң сомго бекитилсин.

4. Курманжан Датка  айыл өкмөтүнүн 2027- жылга жергиликтүү  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы- 38301,8 миң сом, теңдештирүүчү трансферт 22797,9  миң сом, анын ичинен өздүк киреше – 15503,9 сомго (анын ичинен атайын каражат – 38301,8 миң сомго)  бекитилсин.

5. Курманжан Датка  айыл өкмөтүнүн 2028-жылга  жергиликтүү  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунуцн планы  - 40188,3 миң сом, теңдештирүүчү трансферт – 22797,4 миң сом, анын ичинен өздүк киреше – 17390,9 миң сомго (анын ичинен атайын каражат - 40188,3 миң сомго)  бекитилсин.

6. Курманжан Датка айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерде жана мекемелердге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлумүнө  тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлорунун орун басарларына милдеттендирилсин.

 7. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жана айыл өкмөтүнүн СЭӨП бөлүмүнүн башчысына                       (Ж. Исакова) милдеттендирилсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Курманжан Датка  айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбай уулу Жеңишбекке  милдеттендирилсин.

 

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынын бюджетин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака


Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезектеги 1-отурумунун
ТОКТОМУ


28.01.2026 №1/4


Боз-Караган айылы

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынын бюджетин бекитүү жөнүндө

Курманжан Датка айылдык кеңеши жайыт пайдалануучулары менен иштөө боюнча адиси А. Камчыбек уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Курманжан Датка айылдык Кенешинин кезектеги 1-отуруму токтом кылат:

1. Курманжан Датка айыл  өкмөтүнүн “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жайыт  пайдалануучуларынын  бир  жылдык  бюджетине  каралган  265,0 миң  сомдун  1/3 бөлүгү   87 450 сомду   айыл  өкмөтүнүн  киреше  бөлүгүнө, жер  салыгын  эске  алуу  менен  калтырылсын (тиркеме  тиркелет).

2. Жыл ичинде  алыскы  жайыттардан  түшкөн   салыкты  сметада  каралган  суммадан  ашыкча   түшсө  кошумча  смета  түзүп, чыгаша  бөлүгүнө  уруксат   берүү  жагы  Кыргыз  Республикасынын  Финансы  Министрлигинин  Алай  финансы  башкармалыгынан  суралсын.

3.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  жагы  айылдык  Кеңештин  бюджет  жана  экономикалык  маселелер  боюнча   туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

БЕКИТЕМ

Курманжан Датка  айылдык  Кеңештин  төрагасы:

_____________  Д. Камчыбек уулу

Курманжан Датка  айылдык  Кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы

1-отурумунун  №1/4 токтому  менен  бекитилди

 

“Курманжан Датка таза суу,тазалык,жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жайыт боюнча комитетинин 2026-жылга  карата

БЮДЖЕТИ :

 

Эскертүү:  Курманжан Датка  айыл  өкмөтү   боюнча  жайыт  пайдалануу

 1 баш  жылкы  жана  уй, топоз  үчүн  50 сом 6 айга  чейинки  торпок, кулун  үчүн  30 сом, кой, эчки  үчүн  10 сом  же  болбосо  бир  шартуу  мал  башына  50  сом.

Башка  айыл  өкмөттөрдөн  келген  малдарга  500 сом, кой  эчкиге  200 сом болуп бекитилди.

 

Айылдар  боюнча  малдын  саны  жана  жайыт  суммасы: 

 

Айылдардын  аталышы

Кара  мал  башы

Жылкы  башы

Кой, эчки

Жалпы  сумма

1

Жар-Кыштак

153

162

120

16950

2

Боз-Караган

390

224

448

35280

3

Кара-Шоро

355

222

600

35250

4

Арпа-Тектир

427

460

700

52130

5

Кызыл-Ой

69

19

89

5390

6

Кабылан-Көл

350

300

888

41500

7

Күңгөй

300

204

780

33000

8

Кара-Жыгач

200

196

600

25800

9

Курулуш

188

106

500

19700

 

Айыл аймак боюнча

2432

1911

4725

 

265 000

 

                                              Шарттуу  малдын  башы

 

Малдын  түрү

Малдын  түрү  ШМБ

Жайыт пайдалануу  үчүн  1 малдын  башына  төлөнүүчү  сумма

Жайыт  үчүн чогултулуучу  сумма

Ийри  мүйүздүү  мал

2432

 

50

121 000

Майда  жандык

957

50

47 850

Жылкы

1911

50

95 550

Жалпы

5300

50

265 000

 

Чыгашалар  сметасы

 

Чыгышалар  бөлүгү

Суммасы, сом

Жалпы  сумма

1

Айыл  өкмөтүнө  калуучу  1/3  бөлүгү  жер  салыгын  эске  алуу  менен

87 450

87 450

Жайыт инфраструктурасын  жакшыртуу (жолдорду оңдоо,көпүрөлөр,каптаж куруу ж.б)

125 000

125 000

Жайытка  мониторинг  жүргүзүү

0

0

Жайыт жолдорун оңдоого кетүүчү курулуш материалдарын сатып алууга

27550

27550

2

Административдик  чыгымадар

0

0

Жайыт  төрагасынын  эмгек  акысы

0.0

0.0

Социалдык  чегерүүлөр 17,25%

0.0

0.0

Сапарга  чыгуу  жана  транспорттук  күйүүчү  майга  арналган  чыгымдар

20 000

20 000

3

Канцелярский товар

5000

5000

4

Жалпы  жайыт  акысы  шарттуу  мал  башы менен 

 

265 000

 

Бардыгы

 

265 000

 

Курманжан Датка  айыл   өкмөтүнүн  жайытын  башка  максатта  пайдалануу  үчүн 

 

Мисалы:     1. Чөп  орууга                    1 га  1000сом

                         2. Көрктөндүрүү  үчүн       1 га 3000

                         3. Дары  чөп   терүү  үчүн  1 га  1500 сом

 

 

“Курманжан Датка таза суу, тазалык,

жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык

ишканасынын жетекчиси:                                                                                     Т.Жээнбеков

 

 

Жайыт боюнча жооптуу кызматкер:                                                                   А.Камчыбек уулу

 

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылга типтүү иш планы бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака


Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезектеги 1-отурумунун
ТОКТОМУ


28.01.2026 №1/5


Боз-Караган айылы

Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылга типтүү иш планы бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылга типтүү иш планын бекитүүнү карап, талкуулап Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылга  типтүү иш планын бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жалпы депутаттарына тапшырылсын.

 

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын Жар-Кыштак айылынын тургуну Жаанбаева Толгонай Чынтураевнанын арызы жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака


Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезектеги 1-отурумунун
ТОКТОМУ


28.01.2026 №1/6


Боз-Караган айылы

Курманжан Датка айыл аймагынын Жар-Кыштак айылынын тургуну Жаанбаева Толгонай Чынтураевнанын арызы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин талаптарына ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылынын тургуну Жаанбаева Толгонай Чынтураевнанын арызы канаатандырылсын.

2.Жар-Кыштак  айылынан №500 контурундагы 7,6 га, №532 контурундагы 0,8 га, №533 контурундагы 0,6 жана №534 1,0 га жалпы 10 (он) га жер аянтына көрктөндүрүүгө жана туризмге 5 (беш) жылдык мөөнөткө макулдук берилсин.

3.Тиешелүү юридикалык документтерди  даярдап берүү жагы “Курманжан Датка таза суу,тазалык,жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси                  Т. Жээнбековго, жайыт боюнча милдетин аткаруучу А. Камчыбек уулуна жана Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин Алай филиалына сунуш кылынсын.

4.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж. Орозбай уулуна тапшырылсын.

 

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Балдар бакчаларынын ата энелер тарабынан төлөнүүчү мүчөлүк акы төлөмү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака


Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезектеги 1-отурумунун
ТОКТОМУ


28.01.2026 №1/7


Боз-Караган айылы

Балдар бакчаларынын ата энелер тарабынан төлөнүүчү мүчөлүк акы төлөмү жөнүндө

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 6-бөлүмүндө “Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын тамактануусун мамлекет тарабынан каржыланбайт, ата энелер тарабынан каржыланат” деген беренесин талкуулап, Курманжан Датка айылдык кенеши токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл  өкмөтүнө   караштуу бала бакчалардын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү мүчөлүк акы төлөмунүн киреше бөлүгү айына Кабылан–Көл айылындагы №17 бала бакчасына 1 балага 1000 сомдон белгиленсин.
  2. Бул токтомдун аткарылашын камсыздоо жагы Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине тапшырылсын.
  3. Бул токтом юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынынн Юстиция министирлигине жөнөтүлсүн.
  4. Бул токтомдун аткарылышынкозомолдоо жагы айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына  жана   айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Исакова Жазгүл Насирдиновага   милдеттендирилсин.

 

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылга социалдык обьектилерди жылытуучу көмүрдүн көлөмүн азайтуу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака


Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезектеги 1-отурумунун
ТОКТОМУ


28.01.2026 №1/8


Боз-Караган айылы

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылга социалдык обьектилерди жылытуучу көмүрдүн көлөмүн азайтуу жөнүндө

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн социалдык жана экономикалык бөлүмүнүн башчысы Исакова Жазгүлдүн Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2025-жылдын 8-апрелиндеги №02/2/56 буйругунун негизинде өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн социалдык обьектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмүн азайтуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, чыгып Курманжан Датка айыл аймактык кенеши токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын  эсептөө палатасынын  Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2025-жылдын 8-апрелиндеги буйругунун негизинде өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Курманжан Датка айыл аймагынын айылөкмөтүнүн социалдык обьектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмү 79,2 тонна, 314,0 миң сомдук ашыкча калдык калгандыктан, 2026-жылдын бюджетинен 79,2 тонна көмүр же 314,0 миң сом акча каражаты кыскартылсын.
  1. Бул токтомдун аткарылышын Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбай уулуна милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курманжан Датка айылдык Кенешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айылдык кеңешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака


Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезектеги 1-отурумунун
ТОКТОМУ


28.01.2026 №1/9


Боз-Караган айылы

Курманжан Датка айылдык кеңешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында Курманжан Датка айылдык кеңешинин типтүү регламентин бекитүү боюнча угуп жана талкуулап Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айылдык кеңешинин типтүү регламенти бекитилсин.
  2. Регламент  менен тыгыз иш алып баруу жагы жооптуу катчы Г. Кимсанбай кызына тапшырылсын.
  3. Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
  4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата 2025-жылдан пайдаланылбай калган өздүк кирешенин эсебинен 422,3 (анын ичинен атайын каражат 386,3 ) миң сом калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнө бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака


Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезектеги 1-отурумунун
ТОКТОМУ


28.01.2026 №1/10


Боз-Караган айылы

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата 2025-жылдан пайдаланылбай калган өздүк кирешенин эсебинен 422,3 (анын ичинен атайын каражат 386,3 ) миң сом калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнө бекитүү жөнүндө

2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын ушул жылдын бюджетине иштетүү боюнча Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезектеги 1-отуруму токтом кылат:

  1. Курманжан Датка  айыл  өкмөтүнүн  2026-жылдын 1-январына  карата 2025-жылдан пайдаланылбай калган өздүк кирешенин эсебинен 422,3 (анын ичинен атайын каражат 386,3) миң сом калдык  акча каражатын 2026-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планына кошумча киргизилсин.
  2. Айылдык кеңешинин отурумунда талкууланган 2026-жылдын 1-январына карата 2025-жылдан пайдаланылбай калган 422,3 (анын ичинен атайын каражат 386,3 ) мин сом акча каражаты 2026-жылдын  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Алай райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
  3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңишбек Орозбай уулуна жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Исакова Жазгүл Насирдиновага   милдеттендирилсин.
  4. Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
  5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага:
Д. Камчыбек уулу